Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » "Дордойдогу" өрттү өчүрүүгө алты бөлүм тартылды

"Дордойдогу" өрттү өчүрүүгө алты бөлүм тартылды

05-июль, 11:41
223 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

"Дордой" базарында чыккан өрттү өчүрүү аракети уланууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 5-июлда саат 11де билдиргендей, базарда жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн.

Тилсиз жоо менен алышууга 10:19да өрт өчүрүүчү бир бөлүм, 10:25те кошумча эки бөлүм, саат 10:30да дагы бир бөлүм, суу ташуучу бир машина, 10:33тө бир, саат 10:36да дагы бир бөлүм тартылганы маалымдалды.

Жалпысынан өрттү өчүрүүгө Бишкек шаардык, Ленин, Свердлов жана Биринчи Май райондук өрт өчүрүү башкармалыктарынан алты бөлүм катышууда.

"Дордой" борбор калаадагы ири базар.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер