Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Келерки президент ким болот?” деп эрте оолукпайлы

“Келерки президент ким болот?” деп эрте оолукпайлы

27-июнь, 12:11
2 003 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ой-да, саясаттын казаны боркулдап кайнап аткан кез. 

Биз “Манастын уулу Семетей” кинобузду тартып бүтүп, бир катар чет өлкөлөрдө коюу тууралуу макулдашып, жер кезип жүрсөк: “Кумар оюндары ызы-чуу түшүрүүдө... УКМК түрмөсүндө эки инсан кайтыш болду... Бул бийлик ала-салуусу чукулдап аткандай... Башыңарды кумга катпай, оюңарды билдирбейсиңерби?!” деп кулактын кужурун алышты.

Кумар оюндарына чет элдиктерге уруксат берилүүсү, түрмөдө эки адамдын набыт болушу... Арийне, олуттуу маселе. Бирок, өлкөдө башкы бийликти ала-салдыруучу андай деле маанилүү ЧП эмес. Мамлекеттик масштабда алганда булар чакан-майда окуялар.

Ага болбой эле “ур барабан, тарт керней”... “Садыр Жапаровдун бийлиги бүтүп баратат!” дешет... Кийинки президенттикке талапкерлердин ысымдары атала баштады... Адахан Мадумаров, Сапар Исаков, Канатбек Исаев... “Кремль карап атыптыр буларды” дешет. Ал эми Батышчыл, Америкачыл күчтөр Өмүрбек Текебаев, Равшан Жээнбеков, Клара Сооронкулованы аташат. Мелис Мырзакматов, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Талатбек Масадыков, Бахтияр Алиев өндүү саясатчылар да эскерилет “запастагылар” катары.

Садыр Жапаровдун душмандары көп. Бийликтен кетирилгендер, бийликке жетпей калгандар, коррупция боюнча айыпталып, камалып, кустурулуп аткандар... Алардын ар биринин артында сандаган тарапкерлери бар. А ал тарапкерлеринин да жакын-жааттарын кошкондо кылкылдаган оппоненттер армиясы келип чыгат. Ошентип, бийлик оппозициясы кабалтең-калың топко айланып, кылдан кыйкым издеп, мисалы, “чет элдиктерге кумар оюнуна уруксат берилсин” деген кудум “эл жабыла кумар ойносун” деп буйрук кылынгандай жар салынып, будуң-чаң түшүүдө.

Анан... Жапаровду колдоп келишкендердин да айрымдары айнышканы  каңкууланат. “Дакансалардын сүйүүсү сууй баштады” деп байрак булгалашат. Садыр Нуркожо уулу эл кызыкчылыгы үчүн узак убакыт түрмөдө жатканда боор толгоп, колдоп чыккандардын арасында, арийне, пенделик кызыкчылыктарды ойлогондор да жок эмес. Жапаров бийликке келгенде алар бийликке, же балыкка жетишпей, “какаганга муштаган” болуп, пандемия, анан Орус-Украин согушунан улам экономикалык кризис тереңдеп, баалар асмандап, турмуш-тиричиликтен кыйналышып... Үмүттөрүнө суу себилдиби?!.

Биз саясатка эрте аралашып, 1992-93-жылдарда оппозициялык “Ак бата” гезитин чыгарып, эл арасында дуулдаган “Акаевдин бийлиги жакында бүтөт” деген пикирди жар салчу элек. 1995-жылдагы президенттик шайлоодо мамлекет башчылыкка ошол убакта кадыр-барктары бийик саясатчылар Абсамат Масалиев, Медеткан Шеримкулов, Жумгалбек Аманбаев, Бекмамат Осмонов, Өмүрбек Текебаев, Юруслан Тойчубеков, Мамат Айбалаев ат салышкан. Бийлик ар кандай шылтоолор менен көбүн шайлоодон четтетип, марага оппозиция атынан “эски партиялык функционер, элге мажирөө катары таанылган” Масалиев гана калган.

“Күнү бүтүп калды, жакында кетет” делинген Акаев андан кийин да дээрлик мамлекетти 10 жыл башкарды.

Андан кийин такка келген Бакиев 5 жыл отурду.

Атамбаев мөөнөтүн толук өтөдү.

Жоош, бош делинген Жээнбеков 3 жылга чыдады.

Ал эми Жапаров чыныгы көпчүлүк эл тарабынан бийликке келген лидер. “Кумтөрдү” Кыргызстанга өткөрүп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун чечип, “Камбар-Ата-1” ГЭСин баштап... Айлык, жөлөк-пул, пенсияларды көтөрүп... Бир топ алгылыктуу жумуштарды өтөп, батыл аракеттенүүдө... Демек, “Жапаровдун кетиши жакын” деген дуулдак 90-жылдардагы “Акаев жакында кетет” дегенди эске салат.

Жапаровго ири долбоорлорун толук турмушка ашырууга дагы 1-2 жыл убакыт берилсе, Кыргызстан өнүгүү жолуна нак түшөөрү көрүнөө – көрө билген, көргүсү келген кишиге... Көргүсү келбегендердики –  “кылдан кыйкым издемей”.

С.Жапаровдук арка-жөлөк болоор күчтүү командасы бар. Абалтан азапты бирге тартып бышышкан курч Камчыбек Ташиев, Талант Мамытов, Курманкул Зулушев өңдүү санаалаштарына илим-билим, тажрыйбага каныккан идеологдор Сүйүнбек Касманбетов, Эдил Байсалов кошулуп, тылын бекемдөөдө.

Кыргызстанбызга, кыргыз элибизге Кудай кубат берсин!

Өмүрзак Төлөбеков
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер