Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кумшекер менен майдын эмнеге кымбаттаганы айтылды

Кумшекер менен майдын эмнеге кымбаттаганы айтылды

12-март, 21:03
1 512 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргызстанда кумшекер менен өсүмдүк майынын кымбатташына түшүмдүүлүктүн төмөндөшү себеп болгон. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кумшекер

2020-жылы кант кызылчасын айдоо жеринин аянты 8,4 миң гектарды түзгөн. Бул 2019-жылга салыштырмалуу алты миң гектарга аз. Жалпысынан 448,8 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, түшүмдүүлүк гектарынан 533,9 центнерди түзгөн. Бул көрсөткүч 2019-жылга салыштырганда 292,4 миң тоннага төмөн.

“Кант кызылчасынын айдоо аянтынын кыскарып кетишине “Кайыңды Кант” жана “Кошой” ишканалары аталган азыкка болгон бааны арзандатып коюшканы себеп болгон. Мындан тышкары, кумшекер чыгаруучу заводдордун келишимди бузуусу жана аба ырайындагы өзгөрүүлөр да таасир эткен” деп айтылат маалыматта.

Жыйынтыгында заводдор былтыр 56,6 миң тонна кумшекер өндүргөн. 2020-жылы 17,1 тонна кумшекер сырттан сатып алынган.

Өсүмдүк майы

2020-жылы май алынуучу өсүмдүктөр 19,6 миң гектар аянтка себилген. Бул 2019-жылга салыштырганда 6,4 миң гектарга аз болгон. Андан 23,9 миң тонна түшүм жыйналган. Деген менен ал 2019-жылга караганда 7,3 тоннага төмөн.

“Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийин сырттан арзан өсүмдүк май азыктары алына баштады. Ошондуктан май алынуучу өсүмдүктөрдүн айдоо аянты жыл сайын кыскарып жатат. Мындан сырткары, өлкөдө өндүрүлгөн өсүмдүк майынын өздүк баасы жогору жана ага кеткен чыгым көп болгону да буга бир себеп” деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер