Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Камактагы активисттерди бошотууну талап кылгандар акцияга чыкты

Камактагы активисттерди бошотууну талап кылгандар акцияга чыкты

30-август, 11:40
274 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Бишкек шаарында өкмөт үйүнүн алдына камакта жаткан бир катар активисттерди бошотууну, куугунтукту токтотууну талап кылган 20 чакты адам нааразылык акцияга чыкты.

Алар Мелис Аспековду, Амангелди Артыковдун, Адилет Балтабайдын бошотулушун, Тилекмат Куреновдун, Батмакан Жолболдуева менен Болот Назаровго козголгон кылмыш ишинин токтотулушун талап кылып жатат. Милиция кызматкерлери шаардын борбордук аянтында, өкмөт үйүнүн алдында митинг өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимин көрсөтүп, ал аткарылбаса чара көрүлө турганын эскертти. Мындан улам нааразылыкка чыккандар акциясын Максим Горький атындагы гүлбакта улантарын билдиришти.
2020-жылдын Октябрь окуясынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун тарапташы болгон Аспеков 2021-жылдын январында "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен "250 миң доллар талап кылган" деген шек менен кармалган. Буга байланыштуу ага Кылмыш-жаза кодексинин (2017-жылдагы редакция) "Опузалап талап кылуу" деген 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пункту менен кылмыш иши козголгон.
Кийин ал ишке "15 миң долларды мыйзамсыз алуу жана Кара-Балта шаарында батирди кайра сатуу" деген айып боюнча ошол эле кодекстин “Алдамчылык” деген 204-беренесинин 3-бөлүгү кошулган.
Быйыл 23-мартта Биринчи Май райондук соту Аспековду күнөөлүү деп таап, “Опузалап талап кылуу” беренеси боюнча алты, “Алдамчылык” боюнча да алты жыл чегерип, жалпылап жыйынтыктаганда жалпы режимдеги колонияга жети жылга эркинен ажыратуу өкүмүн жарыялаган.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер