Эки күйөөм тең “көзүмө чөп салды”, балким үчүнчүсүнөн бактымды табамбы?

Мен да ичимдеги өрт болуп турган бугумду чыгарып, сыр бөлүшүп алгым келди. Бул экинчи турмушум, биринчи күйөөм “көзүмө чөп салып”, ажырашып кеткем. Аны таптакыр кечире албай койгом. Азыркы жолдошум дагы “ала жипти аттады”. Аябай ызы-чуу болдук. Ыйлап, стресс болуп, ойлоно берип, кан басымым да түшүп кетиптир. Айткылачы, эркектердин баары эле ушундайбы же арасында такыр аялын алмаштырбагандар да барбы? Кантип унутам? Эстеген сайын нервденип, заманам куурулуп кетип атат. Башында аябай сыйлачумун, азыр жек көрөм. Ичимдеги бала үчүн эле жүрөт окшойм, өзүм да билбейм. Иши кылып, бир кызыктай жашап келем. Бул күйөөмө чейин жигитим бар болчу. Ал мен үчүн жанын берген, органда иштеген байдын баласы эле. Көзүмдү карап, аябай сыйлачу, бирок менден кичүү эле. Апасы билип калып, “өзүңдөн улуу кыз, турмуштан да ажырашкан экен, албайсың!” деп аябай каршы болгонунан, “болбойт” деп качып, ага таптакыр жолукпай, эки башка кеткенбиз. Эми чалып, “мага баары бир, апамды көндүрдүм, баш кошолу” дейт. Ойлонуп атам, балким, үчүнчү турмушумдан жолдуу болормун...
Гүлай
"Азия Ньюс" гезити