Ош аэропортун Арипжан Токуров күмөндүү диплом менен башкарып жатабы?


Президентибиз Садыр Жапаровдун 2022-жылы 21-январдагы чыгарган жарлыгын жалпы эл толугу менен колдоого алышат деп ойлойм. Себеби, эң туура болду. Өлкөбүздө тартип ушундан башталат. Президентибиздин бул кадамы, буга чейин бир канча жолу эл тарабынан көтөрүлүп келген “люстрация” маселесинин биринчи этабы башталды десек болот. Эми УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кандай текшерет болду экен (?) деп сынап карап турбай, баардыгыбыз ар тараптан жалган диплом менен иштеген билимсиз, алдамчы, жемкор, кош жарандыгы бар кадрларды таап берүүгө жардам берели. "Мен айтпасам, сен айтпасаң, анан ким айтат?" деген ураандын астында баардыгын ачыкка чыгаралы. Бул өсүп келе жаткан муундарыбыздын келечегине таза жол болот. Ким экенине карабай, жалган диплом менен мамлекеттик кызматты ээлеп, жеп-ичип, өлкөбүздү каалагандай талкалаган жетекчилерди тузакка түшүрөлү.
Айрыкча өлкөбүздөгү эң кирешелүү тармак болгон Ош аэропортунда күмөндүү диплом менен башкарып жаткан Арипжан Токуровдун жоруктарын ашкерелейли, туурабы? Ошондой эле манчыркап баскысы келбеген жемкорлорду отурган ээринен кулатууга жол ачылды. Бул текшерүүлөрдө кармалган жетекчилерден алган айлыктарын “кустурса”, мамлекетибиздин казынасына миллиондогон каражаттар түшөрү ачык. Жалган дипломдун аркасы менен мышыктай болуп ойногон эки жүздүү кадрлардан өлкөбүз биротоло тазаланат эле.
Мындан тышкары, эч коркпостон, ар кандай “доляда” отурган жетекчилерди жана аларды коргоп келген "крышаларынын" бети ачылат. Анткени артыбызда кудай сүйгөн президентибиз Садыр Жапаров турат. Ошондуктан урматтуу элим, Садыр Жапаровдун демилгесин баардыгыбыз колдойлу!
"Азия Ньюс" гезити











