Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чек араны дипломатиялык жолдо чечүүнү Руслан Казакбаев көрсөтүүдө

Чек араны дипломатиялык жолдо чечүүнү Руслан Казакбаев көрсөтүүдө

11-июнь, 01:34
629 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

4-июнда түнкү саат 3:00дө Тажикстандын аскерлери, аскер техникалары  тактала элек чек ара тилкесинен 1000 метр Кыргызстандын аймагына кирип келип, Чоң Алайдын Унжу-Булак деген жерине контейнер орнотуп баштаган. 

Чек арачылардын ыкчам маалыматынын негизинде, тышкы иштер министрлигине Тажикстандын Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси чакырылып, эки өлкөнүн ортосундагы чек араны делимитация, демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялар кол койгон келишимдердин бузулуп жаткандыгы, коюлган контейнердин жана аскер техникаларынын аймактан тез аранын ичинде алып чыгып кетүү тууралуу жана тажик чек арачылары байланышка чыкпай, чакырыктарга жооп бербей жатканы эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелерге шайкеш келбей турганы жөнүндө нааразылык нота тапшырылган. Ушул нота тапшырылгандан кийин эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиялары өз ишин баштаган. Ал ортодо чек ара тилкесине жакын жайгашкан 5 айылдын эли эвакуацияланып, Дароот-Коргон айылына жайгаштырылган. Ошентип тажиктер тарабынан жасалган дагы бир провокация болду. Бул жолу ок атышуу, өлүм-житим жана башка чыгымдар болгон жок. Себеби, баардыгы мыйзам чегинде, эл аралык мамилелердин нормаларынын негизинде сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынды. 

Бирок, чек ара тилкелери дагы деле такталып бүтө элек, демек, алдыда дагы канча провокациялар турганы белгисиз. Эң негизгиси, баардыгын дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен мыйзам чегинде чечсе боло тургандыгын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган дипломатиялык корпус далилдеди. Алар Унжу-Булактагы кырдаал курчуп кетишине жол беришкен жок. Ал эми ушул чек ара маселесинде өзүн патриот көрсөткүсү келип, чайкоочулук кылып, дардаңдаган кургак саясатчылар бар экенин элибиз билет. Айрым учурда алардын кесири да тийип жатат. Бирок чек ара маселеси тирешүү, касташуу жолу менен эмес, акыл калчап сүйлөшүү, мыйзам чегиндеги иш-аракеттер менен чечиле турганын Чоң-Алайдагы окуя дагы бир жолу ачык далилдеди.


Мурат Атыбеков 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер