Токтогазиев “Манасты” бурмалап, ажого баш сөз жаздырып, бетке чиркөө иш жасадыбы?

2010-жылдары Кыргызстанда идеологиялык диверсия күчөгөн. “Манас” эпосу асмандан сан менен түшүп жатат, бул жаңы вариантты сырдуу дүйнө менен байланышкан Бүбү Мариям аттуу касиеттүү периштеге Жайсаңдын арбагы айтып берүүдө” деген сөз эл арасына тарап, Темирбек Токтогазиев, Эрнест Абдыжапаров, манасчы Талантаалы Бакчиев, тарыхчы Өскөн Осмоновдор Бүбү Мариямдын этегине намаз окушуп, чайкоочулук кылышып, аны культка айландыруу менен элди сыйынууга чакырышкан.
Темирбек Токтогазиевдин менчик “Манас жаңырыгы” телеканалы болсо, “Манас” эпосун бурмалаган “жайсаңчылар” деген атка конгон ошол идеологиялык диверсанттардын трибунасына айланган. “Манасты” бурмалаган фальсификатор-жайсаңчылардын анабашы телемаектердин сериясын уюштуруп, мистиканы, эзотериканы, оккультизмди элге жайылтып, эпосту фальсификациялоого жигердүү катышкан. Андан көп өтпөй 2016-жылы Жумгал райондук соту “Айкөл Манас” китебинин он томдугун “экстремисттик” деп чечим чыгарып, аны Нарын облустук соту күчүндө калтырган. Тыюу салынгандан кийин жайсаңчылардын жели чыккандай болгон. Бирок Темирбек Токтогазиев Манастын атын жамынып, “Айкөл Манас – тарыхый инсан”, “Манас” эпосундагы кереметтердин жашоодогу орду”, “Айкөл Манас – улуттук саясый лидерликтин туу чокусу” деген сыяктуу дилетанттык деңгээлде жазылган китептерин басмадан чыгарды. Сөзүнүн суусу көп, чанжыраган тили тажатма, түшүнүксүз, фактыларды каалагандай бурмалай берген, анализ, синтез дегенди билбеген, эзотерикага, мистикага сугарылган Темирбек Токтогазиевдин бул халтура китептери илим катары эсептелбейт. Мисалы, “Аккуланын такасы” деп кечээ эле жасалган таканы уялбай көтөрүп жүргөнү, же болбосо Кытайдын байыркы борбору болгон Сиянь шаарына жакын жердеги биздин заманга чейинки көрүнүштү, 8100 жоокердин, алардын күлүктөрүнүн чоподон жасалган бедиздерин “Бакай абам көмдүргөн” деген “ачылышы” Темирбек Токтогазиевдин тарых илиминен, археологиядан, этнографиядан түшүнүгү жок экенин кашкайта далилдеп турат.
Анан ушундай дилетант, “Манасты” бузуп, чайкоочулук кылып жүргөн Темирбек Токтогазиев Көкүйдөгүлөрдүн ишенимине кирип, Жумгал райондук соту “экстремисттик” деп тапкан “Айкөл Манас” китебине таянып жазган “Манастан” алган беш китеп” (2023) деген китебине президент Садыр Жапаровго баш сөз жаздырып, мамлекеттин эсебинен улуу “Манас” эпосун бурмалап, тарыхты фальсификациялаган халтура чыгарманын чыкканы өкүнүчтүү. Мунун өзү, айталы, иши өрдү карай кете баштаган Садыр Жапаровдун бетине чиркөө боло турган терс көрүнүш. Темирбек Токтогазиевге окшогон жайсаңчылар Көкүйдү жойлоп, идеологиялык диверсиясын улантып, хан Манастын атын жамынып, Садыр Жапаровду элге жаман көрсөтүү максатын көздөгөнүн “чийки” китеби айкын далилдеп турат.
"Азия Ньюс" гезити