Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эмил Сыдыков: “Ишкерлерге ар тараптан кысым күчөдү”

Эмил Сыдыков: “Ишкерлерге ар тараптан кысым күчөдү”

04-сентябрь, 00:56
661 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жеке ишкер Эмил Сыдыковдун айтымында, Кыргызстанда ишкерлерге кысым күчөдү. Айрыкча мындай бут тосуулар мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик тарабынан арбын колдонулуп жатат. 

-- Жеке ишиңизди баштоодо кандай тоскоолдуктар болду? 

-- Бизнесимди жаңыдан баштап жатканда аябай кыйналгам. Өзүм Жалал-Абаддан келгендиктен, Чүй облусунун аймагында иш баштоо оор болгон. Айрыкча кыргыздарда трайбализм, бюрократия шумдук өнүккөн. Кайсы бир нерсеге уруксат алуу тозокко айланат. Баардыгы “акча береби?” деп үмүт кылышат. Бул көрүнүш курулушта, өндүрүштө болобу, баардык жакта бар. Акча бербесең, эч кандай жумуш бүтпөйт. Мунун баардыгын өз жонтерим менен сезген үчүн айтып жатам. 

-- Учурда кандай ишкерчилик менен алектенесиз? Канча адамды иш менен камсыз кыласыз?

-- Башында соода-сатык менен алектенип, кийин коңшу Өзбекстанга товар өткөрүп жүрдүм. Бара-бара унаа ташыганга өттүм. Айтор, мен иштебеген жумуш калган жок окшойт. Жокчулукта баардык ишти кыла берет экенсиң. Учурда кирпич, таш, кум өндүргөн чакан ишканаларым бар. Жалал-Абадда таза кандуу жылкыларды кармаган ферма ачкам. Жалпысынан алтымышка чукул кишини иш менен камсыз кылам. Кризис учурунда да бизде жумуш токтогон жок, кызматкерлерди ар дайым жумушсуз калтырбагандын аракетиндемин. 

-- Сизге окшогон атамекендик өндүрүшчүлөр кандай колдоолорго муктаж?  

-- Мамлекет тарабынан жеңилдетилген насыя керек экенин ар дайым айтып келем. Ишканаларым шаардын чет жагында жайгашкандыктан, жергиликтүү бийлик тарабынан көп кысымдарга кабылабыз. Өкмөт ушуларды жойсо, бизге ишти өнүктүрүүгө алда канча жеңил болмок. 

-- Курулуш тармагынын өлкө экономикасына кошкон салымы канчалык?

-- Курулуш тармагы өлкө боюнча экономикага ири салым кошорун айта албайм. Бирок, Бишкек шаары боюнча курулуш экономиканын локомотиви болуп эсептелет. Себеби, ири өлчөмдө салыктар төлөнүп, жердин арендасы мэриянын казынасына түшөт. Негизи эле башка өнүккөн мамлекеттерде, ири шаарларда курулуш көп каражат алып келген тармактардын эң алдыңкысы болуп эсептелет. Бишкекте да акыркы 10 жылдан бери дүркүрөп өсүп жатат. Анын баары  мамлекеттин ар тараптуу колдоосуна муктаж. Мисалы, бир үй салыш үчүн саны бар, сапаты жок справкаларды чогултуп жүрүп чарчайсың. Мунун баары кыскарышы шарт. Бирок, ошондой болсо да курулуштар күндөн-күнгө өсүп, өнүгүп келет. 


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер