Россиядагы автокырсыктан төрт кыргызстандык көз жумду
Кечээ эртең менен Россиянын Оренбург жана Акбулак (Россия) жолунун кесилишинде кыргызстандыктардын катышуусунда жол кырсыгы болду.
Казань — Оренбург — Акбулак жолунун 86-чакырымында минивэн Mercedes менен Ford Transit үлгүсүндөгү унаалар кагылышкан. Төрт киши көз жумуп, дагы төртөө ооруканага жеткирилген.
Каза болгондор - 1990, 1984, 1995 жана 1998-жылы туулган кыргыз жарандары болгон.
Алардын сырткары, 1991, 1987 жана 1988-жылы туулган жарандар ооруканага жаткырылган..
Эки машине тең күйүп кеткен экен. Үч бала эптеп сыртка чыккан. Үчөө ошол жерден күйүп кеткен, төртүнчүсүн терезеден сууруп чыгарып жаткан маалда үзүлгөн. Ошентип, төрт жигит каза болуп, үчөө ооруканада.
Ал эми “Мерседес Спринтерде” бир гана адам бараткан болчу. Ал Өзбекстандын жараны экени аныкталды. Ал да ооруканада.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны бүгүнкү күндө чет жакта мигрант болуп жүрөт. Алардын көбү Орусияда.
Учурда маселе элчиликтин көзөмөлүндө турат.