“Элди көтөрүп, бийликти басып алуу ыкмасы өтпөй калды окшойт”
-- Барган сайын оппозициянын алсырап баратышына кандай карайсыз? Бийликке сын-пикирлер, сунуштар айтылып турбаса, адашуу абалында калбайбызбы?..
Рамазан Дырылдаев:
-- Эми бийлик тынч иштегиси келет да, ошон үчүн орчундуу маселелерди көтөрө алган оппозиция мүчөлөрү камакта. Эмнегедир оппозицияга эл арасында дагы колдоо аз болууда. Ошон үчүнбү, бийлик да эсептешпей, өзүнө ыңгайлуу кадамдарды жасап жаткандай. Көпчүлүк жаштар блогер деңгээлинде гана иштеп калышты. Эл менен жандуу иштеген эч ким жок. Бийлик болсо сындап чыккандарды тез эле камап, анча-мынчасын тартипке чакырып, көпчүлүгүн тымызын тыйып жатат. Маселен, Мадумаров камалганы парламентте сын айтылбай калды. Анын партиялаштары коркуп, унчукпай калышты. Бирөөсү эле чырылдамыш болуп жатат.
Негизи ооз ачканды эле камай берген туура эмес. Оппозиция күчтүү болмоюнча иштин алдыга жылышы оор болот. Путиндей болуп оппозицияны камап, күчтүүлөрүн сыртка качырган менен бир мезгилде ошонун да кесепети тийет. Ошон үчүн бийлик оппозициянын мамлекетте жашашына мүмкүнчүлүк бериши керек. Алтургай айрым сунуштарын да эске алып, ооз ачканды камай берүүнү токтотуу зарыл. Антпесе, анын кесепетин ашыгы менен тартып калышат.
Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:
-- Азыркы күндө оппозиция – жалпы эл. Элдин ички нааразылыгы көбөйүүдө. Байрак-желектерге карай айтылгандай, “боёк сүртүмдөрү” өзгөрүшү карапайым эл арасында чоң талкууга алынууда. Бул нерсеге азырынча эч ким көңүл бурган жок. Мезгили келгенде ошол нааразычылык күч менен баса албай турган чоң жагдайды жаратып коюшу мүмкүн. Ошон үчүн бийликтегилер бир нерсени эстерине түйүп коюшу керек: саясый оппозиция – бул сайраган тил. Элдин акылы кези келгенде эсиңерди кетирет. Эркин жүргөн куштардын үнү эч кимди ойгото албаганы менен капастагы тотукуштун үнү таң алдында катуу чыгып, коңшу-колоңду да ойготот.
Эл адашпайт, бийлик адашат. Бийлик элден адашса, ичер суусу азаят. Белгилүү жазуучу Оноре де Бальзак жазгандай, шагрен терисиндей бийликтин убакыт териси кемип, кыскарып бара жатат. Ошон үчүн бийлик сайраган куштардын үнүнө маани бериши керек.
Бакыт Бакетаев:
-- Бийлик оппозициясы жок эле бардыгын билип, түшүнүп, көрүп турат. Анткени, өздөрү оппозиция болуп жүргөн. Азыркы кезде курч оппозиция болуш өтө коркунучтуу. Анын негизги себеби биздин Конституцияда жазылуу. Ошон үчүн чындык, аргументтүү, жумшак сын-пикирлер өтүмдүүрөк болуп жатат. Элди көтөрүп, бийликти басып алуу ыкмасы өтпөй калды окшойт. “Бийликти алып, элге иштеп беребиз” дегендер саясый маданиятты, ниетти, керек болсо мээни колдонушу керек.