Акыркы кабарлар
» Саясат » Өкмөт тез арада мопет, скутер, самокаттардын жүрүүсүн токтотушу зарыл
Өкмөт тез арада мопет, скутер, самокаттардын жүрүүсүн токтотушу зарыл
14-май, 22:25


Өзгөчө Бишкек шаарында мопет, скутер, самокат тепкендер арбып, жол кырсыктарына ашкере себепчи болушууда. Парктарда жөө басуу кыйын, тротуарларда да ээн-эркин жүрө албайсың. Жөө жарандарды кагып кеткендер, автоунаалар менен сүзүшкөндөр арбын. Айрыкча жаш балдар ызгып тебишип, күнүгө кырсыктарга кириптер. Мындай “жеңил шайтан унаалар” менен кимдер бизнес кылып жатышты экен? Өкмөт тез арада мопет, скутер, самокаттардын жүрүүсүн токтотуп, эл ичине тычтыкты орнотушу керек. А болбосо шаар ичи кымгуут, нааразычылыктар жаралууда. Акыры акыл калчап, туура чечимге келбесе, аягы оорлошуп баратат...
"Азия Ньюс" гезити