Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдывахап Нурбаев: “Биздин идея менен Алматыдагы аэропорт эл аралык алкакка чыкты”

Абдывахап Нурбаев: “Биздин идея менен Алматыдагы аэропорт эл аралык алкакка чыкты”

08-октябрь, 21:23
1 474 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Манас’’ аэропортун эл аралык операторго ишенимдүү башкарууга берүү боюнча техникалык экономикалык негиздеме даярдалууда. Бул туурасында инвестиция министрлигине караштуу мамлекеттик жеке өнөктөштүк борборунан билдиришти. Маалыматка ылайык, ушу тапта “Манас’’ аэропортуна эл аралык инвесторлорду тартуу боюнча техникалык экономикалык негиздеме Дүйнөлүк банктын тобуна кирген IFC уюмунун жардамы менен даярдалууда. Аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири Жогорку Кеңештин депутаты Абдывахап Нурбаев менен аэропортторду эл аралык башкарууга берүү боюнча маектештик. 


-- Аэропортторду эл аралык башкарууга берүү Кыргызстан үчүн канчалык пайда алып келет? 

-- Пандемияга чейин деле кыргыз туризминин негизги көйгөйү түз аба каттамдарынын жоктугу жана авиабилеттердин кымбаттыгы болуп келген. Биз ишкерлер менен бирге бул маселени көптөгөн жылдар бою көтөрүп жүрүп, жыйынтыгында Кыргызстан эл аралык уюмдардын колдоосу менен аба эркиндигинин бешинчи даражасы ачык асман саясатын жарыялаган эле. Ачык асман саясатын колдонуунун маңызы чет элдик авиакомпаниялардын учактары Кыргызстандын аэропортторуна конуп, жүргүнчүлөрдү же жүктөрдү алып, учуп кете алат дегенди билдирет. Бул мыйзам транзиттик рейстерге уруксат берүү менен катар, өкмөттүн баа саясатына, каттамдарга жана авиакомпанияларга кийлигишпөөсүн кепилдейт. Мыйзамдын демилгечилери катары биз Армения, Грузия, Сингапур жана Түштүк Кореянын тажрыйбасына таянганбыз. Жыйынтыгында аба эркиндигинин бешинчи даражасы рыноктогу атаандаштыктын күч алышына алып келип, бул авиабилеттердин баасы 30%га чейин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Бул мыйзам кабыл алынгандан кийин Өзбекстан, Түркия, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан жана Корея өлкөлөрү тарабынан кызыгуу жаралып, биздин жарандык авиация менен сүйлөшүүлөр дагы башталган. Өзбекстан биз аркылуу Дубайга, Тажикстан Ош аэропорту аркылуу Кореяга, Стамбулга каттоону пландаган. Атургай бир нече жүк ташуучу каттамдар ачылып калган.

-- Жаңылбасам, бул эки жыл мурун эле көтөрүлгөн, бирок ишке аша элек... 

-- Бул биринчи эле кадам болгон. Эл аралык авиакомпаниялар транзит менен Кыргызстан аркылуу учуусу үчүн өлкөдөгү аэропорттор тийешелүү инфраструктурага ээ болушу зарыл. Мамлекет болсо андай инфраструктураны өз күчү менен кура албайт. Ошондуктан өкмөт кийинки кадамы катары өлкөдөгү эки ири – Бишкектеги жана Оштогу аэропортторду эл аралык операторлорго ишенимдүү башкарууга бериши керек болчу. Бирок Кыргызстан ушу күнгө чейин муну ишке ашыра албай келет. Буга албетте, өлкөдөгү коррупциялык схемалар тоскоолдук жаратууда. Анткени биздеги маалыматтар боюнча аэропорттордо ири көлөмдөгү коррупциялык система бар. Биринчиси – бул биз ачык асман долбоорун кабыл алдык, экинчиси – Бишкекке аэропортторду башкаруудагы алдыңкы 10 дүйнөлүк компанияларды чакырып, конкурстун негизинде Бишкектеги учуучу бекетти 10-15 жылга башкарууга берүүнү пландаганбыз. Ал сүйлөшүүлөргө Дүйнөлүк банк жана IFC дагы катышкан. Бирок, тилекке каршы, сүйлөшүүлөр аягына чыккан эмес. Ал учурда премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев болгон, ошол кездеги транспорт министрлиги, “Манас” аэропортунун жетекчилиги жана мамлекеттик мүлк фондунун башчысы ар кандай себептер менен бул демилгеге каршы чыгышкан. Учурундагы президент 2019-жылы бул мыйзамга кол койгондон кийин Казакстан элчилигинин экономика бөлүмү менден бул документ тууралуу кызыгуу менен сураган. Кийин билсем, казактар биздин схема боюнча Алматыдагы аэропортун эл аралык башкарууга беришкен экен. Демек, биз биринчи аракет кылып баштаганбыз, бирок казактар идеяны илип кетишкен. Ошол замат Алматы аэропорту TAV эл аралык операторуна ишенимдүү башкарууга берилген. Өзүңүздөр билгендей, TAV Airports Holding франциялык өнөктөшү ADP менен биргеликте дүйнөдөгү 40тан ашык аэропортту башкарат, алардын ичинде 2005-жылы башкарууга өткөн Грузиянын эки аэропорту да бар.


Анархан Алтымышова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер