Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сарсана кылган саясат

Сарсана кылган саясат

07-октябрь, 10:27
874 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эгерде мекенчил чиновниктер ак иштешип, эл-журттун келечегин ойлошсо, ошол азыр Алматыда ийгиликтүү иштеп жаткан «Филип моррис» өзүнүн тамеки фабрикасын бизде Кызыл-Кыяда курмак. Ноокат, Кадамжай райондору, Кызыл-Кыя шаарынын жүз миңдеген адамдары иш менен камсыз болмок, элдин турмуш-тиричилиги оңолмок. Андай болгон жок. Ноокаттын даңазалуу тамекиси ошентип эгилбей калды.

А.Жумагулов китебинде жазат, «эсимде, - дейт, -- биз Бишкекте тамеки фабрикасын куруу үчүн республикага пайдалуу инвестор издей баштадык да өтө чоң кыйынчылыктар менен немецтердин «Реемстма» деген ири фирмасын таптык» дейт.

Мүмкүн чын эле өтө кыйынчылык менен табылгандыр, а бирок эмне үчүн «Филип морристи» качырып жибердик? Ал жөнүндө ным эчтеке жок, мындай долбоор деги эле болбогондой. Анүстүнө «Реемстма» «Бишкекке биз тамеки фабрикасын курабыз, бизден башка эч ким Кыргызстанга тамеки фабрикасын курбасын» деген талабын коёт. Автордун айтымында, көптөгөн талаш-таштыртардын негизинде «Бишкектен кийин өздөрү түштүктө да тамеки фабрикасын курат» деген консенсуска келишет. Мына андан бери чейрек кылым өттү, түштүккө өздөрү да курган жок, башкаларга да курдурган жок. Эмне үчүн башталышында эле түштүккө курушпады? Анткени тамеки сырьесу түштүктө эле да. Ал эми Бишкекте жакшыбы-жаманбы иштеп турган тамеки фабрикасы бар эле да, эмне алар жаңы имарат курдубу?

Бул эми мен Жогорку Кеңештин депутат кезимде жеке байкаган бир гана учур. Белгилейин дегеним, эгемендүүлүктүн алгачкы жылдарында болжолдуу түрдө 2000-жылдарга чейин дүйнөдөгү ар түрдүү финансылык булактардан гранттар, жеңилдетилген кредиттер суудай агып, бизге инвестиция салчулар өтө көп болгон. Биз ошонун бирин гана пайдаланып, Кызыл-Кыяга тамеки фабрикасын куруп алганыбызда атам замандан бери тамекичилик менен алектенип келген райондор тамеки чарбасын сактап, жарым миллиондой элдин турмуш тиричилигин оңдомокпуз. Бул эми өттү-кетти. Мына ушуга окшогон ж.б. көптөгөн долбоорлордун ишке ашпай калышы же мамлекет үчүн эффективтүү пайда алып келгени же болбой калганы жөнүндө «каап, туура болбой калган экен да»  дегендей ойлорду окуйм го (!) деп ойлогом. Бирок урматтуу А.Жумагуловдон мындайды таба алган жокмун. Бирок, мемуардык эмгектен мындан башканы күтүү деле туура эмес. Анткени мемуар деген ошон үчүн мемуар да, автордун коомдук турмушка өзү аралашкан, өзү катышкан окуяларга анын субъективдүү көз карашы. Андыктан «муну минтип коюптур, тигини тигинтиптир» дегендин өзү туура эмес. Бирок ошентсе да тарых үчүн так чындык керек.

А.Жумагулов өз заманындагы өкүмзар партиялык-советтик жетекчилерден айырмаланып бир караганда жумшак жетелеме, дайыма эле экинчи болгон, өз позициясын коргой албагандай көрүнгөнү менен беттеген маселесин акырындап түшүндүрүү-ынандыруу, ар түрдүү кыйчалыш маселелерди чечүүдө темирдей логикасы менен макул болууга аргасыз кылган профессионал жетекчи. Бул жагынан алып караганда А.Жумагулов айталы, Н.Касиев ж.б. көптөгөн советтик партиялык кадрлар студенттик скамеядан эле алгачкы эмгек жолдорун түштүктөн баштап 10-15 жыл ошол жакта иштегендигинен адамдар менен иштөө, жетекчилик стилдеринде түштүктүктүк манера сакталып калган. Өзү чогуу иштеген Т.Усубалиев, А.Масалиев, А.Акаевдер жөнүндө жазган да алардын иштөө ыкмаларын сапаттаган жерлеринде да өтө этияттык менен чыныгы жүзүн көрсөтө бербейт. Бирок Т.Усубалиевди өтө көтөрө чалып өзүнүн окутуучусу экенин баса белгилейт.

Ошол эле убакта А.Масалиев мезгилинде өкмөттү жетектеп алгач президенттикке Масалиевдин кандидатурасы каралып жатканда, альтернатива катарында Жумагуловдун да кандидатурасын көрсөтүшкөн. Ошондо сөз алган Жумагулов «мени кызартпагылачы, биздин арабызда Масалиевден өткөн адам жок» дегени азыр да көпчүлүктүн эсинде да. Бирок, Масалиев жөнүндө китебинде супсак эле баяндап өтөт.

Акыйкаттык үчүн айтып коюш керек Акаев жөнүндө жазганда «бүгүн кечинде кабыл алган чечимдерибиз эртең өзгөрүп кетээр эле» деп туура белгилептир. Бирок канткен менен кыраакы дипломат адам эмеспи, өзү аралашкан курч маселерди кыйгач өтүп кетет. Мен жогоруда бир гана тамеки маселесин гана айттым. Ал эми ошол кезде башталып, жетинчи кабатка чыгып кеткен «Манастын арбагы урсун» деген коррупция жөнүндө ошол кезде башталган «Мистер 10%»  деген түшүнүк, анан аягында азыркыга чейин чыры токтобогон алтын маселеси жөнүндө да өкмөттү жетектеген адам катарында өз пикирин жана аларга болгон көз карашын билдире кетсе жакшы болмок. Анткени айтылган маселелер боюнча бүгүн дагы карама-каршы ар түрдүү көз караштар айтылат. Акаев Берштейн менен Кумтөр маселесин мурда эле чечип, үлүшкө кирип алганы, ага адистер тарабынан бир канча жакшы сунуштар болгонуна карабай эле А.Жумагулов ал келишимге кол койгон. «Акаевге азыраак болсо да мамлекеттин, элдин кызыкчылыгын көздөгөн өз позициясын Жумагулов билдирип каяша кыла алган эмес» дегендей сөзөрдү жазып да, айтып да жүрүшөт. Бул жана буга окшогон маселелерге өз позициясын так билдире кетсе жакшы болмок. Болбосо алтын маселесин үстүртөн кыйгач өтүшү элдеги шектенүүнү дагы күчөтөт.

Ошондуктан «кылым аферасы» болгон Кумтөр жөнүндө автор кийинчерээк  ойлонуп акыл калчап туруп тарых үчүн «мына эмесе» деп болгонун-болгондой айтабы, ай ким билет же жабылуу аяк жабылуу бойдон калабы?! Бирок, канткен күндө да мен урматтуу аксакалыбызды Л.Брежнев убагында СССРдин премьер-министри болгон мезгилинде өтө абройлуу инсан Алексей Николаевич Косыгин менен салыштыра берем. Ал да «союздун экономикасы кризиске баратат» деп Брежневге түшүндүрө албай жүрүп өтүп кетти эле. Бул эми башка тема.


«Келесоолор менен жалкоолор гана уурдабайт»

Т.Чынгышевдин «Вспоминания: события, люди» (Бишкек, 2016-ж.) деген орусча чыккан эскерүүлөрүндөгү коомчулукту кызыктырган жана мени ынандырган жагдайларга кыскача токтолоюн. Анткени автор жазган окуялар жогоруда белгиленгендей Кыргызстандын соңку жаңы тарыхы да. Өзүнүн мектепте, кийин Балтика боюнда армияда кызмат кылышы, ЖОЖдо окушу, Токтогул ГЭСинде комсомол уюмун жетектеп, А.Масалиев, Н.Исанов жана ошол ГЭСти курууну жетектешкен легендарлуу жетекчилер З.Л.Серый, К.Б.Хуриев жөнүндө сүрөттөгөндөрү, алардын адамдык жана профессионалдык жагдайлары кандай таасир эткенин жазат. Булардын башка союз учурунда жана союз тарап эгемендик жылдардагы өнөр жайга, социалдык-экономикалык турмушубузга терең из калтырган жүздөгөн инсандардын портреттери көздөн өткөрөт. Мына ушул жагдайдан алып караганда, автордун кыргыздын чыгаан уулдары Ю.Абдрахманов, И.Раззаков, С.Ибраимов жөнүндө жазгандары биз мурда билген маалыматтарды толуктап, автордун бул инсандар жөнүндөгү коомдо калыптанган көз караштардан башкачараак экени биз үчүн кызыктуу болду. Деги эле Т.Чынгышевдин бул аталган инсандардан баштап Т.Усубалиев, А.Акаев жана анын тегерегиндегилерге чейинкилерге берген баалары бир топ так, адилеттүү катары эсептейм.

Автордун 1961-жылдын 8-9-майында И.Раззаковду иштен бошоткон БК пленумун жана анын айланасында болгон окуяларды документтерге шилтеме берип көрсөткөнү абдан далилдүү. Себеби, бул маселени изилдеп жүргөн мага кээде күдүк болгон ойлорду мен божомолдоп жүргөндөй чечкени таңкалтырды. Айталы, И.Раззаковдун республикада мектептерде ысык тамак уюштурушу, орус класстарга кыргыз тилин киргизиши КПСС БКдагы идеологияны тейлегендерге жакпай калат. Москва ушулар үчүн эле Раззаковду иштен ала албайт эле да, ошондуктан Кыргызстандан өзүнчө бир уюшулган топ Раззаковдун ишиндеги «катачылыктары» жөнүндө Москвага каттарды тынымсыз уюштуруп турганы. Ал жерде Фрунзедеги топтун жетекчиси менен тыкыс байланышта болгон адам болгондугунан КПССтин саясый бюросунда үч жолу Раззаковду иштен алуу боюнча маселе көтөрүлүп, үчөөндө тең Хрущев макул болбой коёт. Бирок, идеологияны тейлеген секретары Козловдун өтө катуу киришүүсү менен гана макулдугун берет. Автор Т.Усубалиевдин бул ишке тикеден-тике тийешеси бар экенин айкындап, андан ары Т.Усубалиев өзүнүн китептеринде Козловду аябай мактаганын, анализдеп, салыштырып, аны менен мурдатан жакындыгы бар экенин келтирип, факт менен көрсөтөт. Ушул жерде белгилей кетейин, Т.Чынгышев да И.Раззаковдой 51 жаш курагында өкмөттөн кетип, ошол бойдон бул кишинин бай тажрыйбасы Кыргызстан үчүн кереги жок болуп калганына таңкалам.

Т.Чынгышев китебинде «Ю.Абдрахманов, И.Раззаков, С.Ибраимовдор элдин эсинде түбөлүккө калышты. Мен ишенем эгер бул инсандардын кимисине болбосун узагыраак мамлекетти башкаруу тийгенде биздин республика бүгүн таптакыр башка болот эле» дегени мага дагы бир окуяны эске салды. Эсимде, 1995-жылы биз мыйзам чыгаруу жыйынын 5-6 депутаты ооруп жаткан Түгөлбай Сыдыкбековду көргөнү келдик. Кыргыз акыл-эсинин патриархы Түкө картайып, колу калтырап калса да акыл-эси туптунук, даана. Көпкө сүйлөшүп отуруп калдык да, сөз эмнегедир И.Раззаков жөнүндө болуп калды. Ал киши жөнүндө ушунчалык урмат менен кандайдыр бир башкача энергияда сөз учугун улап, көздөрү чачырап, «кайран киши республиканы дагы бир 10-15 жыл жетектегенде мына азыркыдай бөлүнүп-жарылуу деген нерсе жок болуп, биз азыр башкача жашайт элек» деген эле.

Чындыгында өзүбүз каттарды уюштуруп, улуттун улуу инсанын канатын кыркып, иштен кетирдик. Эгер өзүбүздөн Кыргызстандан андай демилге болбогондо, өзүбүз классикалык мааниде улут катарында калыптанган болгонубузда, бир муштундай түйүлгөндө, Раззаковду Москва жөндөн-жөн эле иштен алып коё албайт эле. Анткени Раззаковдун аброю Кыргызстанда өтө бийик болгон. Т.Чынгышевдин китебинде 100-117-беттеринде И.Раззаков жана Т.Усубалиев жөнүндө кызыктуу маалыматтарды кызыккандар болсо өздөрү да окуп көрсө болот.

Автордун тунгуч президентибиз жөнүндө айткандары да толук ынанымдуу. Анткени биз Акаевди күлүп-жайнап жүргөн интеллектуал профессор катары билебиз, бирок бирөөнүн колу менен бирөөлөрдү иштен алуу, кадрлардын бири-бирине каршы интрига жасоо, болбосо тегерегиндеги эле өзүнүн президент болушуна жан үрөгөн жигиттер жөнүндө туюк билдирүүлөрү анын чындыгында кандай инсан экенин ачып көрсөтөт. Кайсы бир ири жолугушууда М.Горбачевдун Чынгышевге андан «Акаевден этият бол» дегени ж.б. биригип, «ал мындай адам эле» деп кесе пикирин билдирбесе да окурманга Акаевдин саясый жана адамдык портретинин көпчүлүккө белгисиз дагы бир жагы ачык көрүнөт.


(Уландысы бар)

Жолборс ЖОРОБЕКОВ, саясат илиминин доктору

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер