Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Эдил ОСМОНБЕТОВ, саясат таануучу: “Парламентке 80 пайыз жаңы, жаш адамдар келиши зарыл”

Эдил ОСМОНБЕТОВ, саясат таануучу: “Парламентке 80 пайыз жаңы, жаш адамдар келиши зарыл”

14-октябрь, 16:53
611 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эдил Кубатович, Алмазбек Атамбаев азыркы абалдан чыгыш үчүн кандай аракеттерди жасайт деп ойлойсуз?

-- Мен 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялар Жээнбеков менен Атамбаевдин эки жылдык тирешинин жыйынтыктоочу фазасы болду деп ойлойм. Эми бүттү: муну экс-президенттин толук саясый банкроттугу катары сыпаттай берсек болот. Спецназчынын өлүмүнө чейин кандайдыр бир массалык нааразылыктар болот (!) деп боолголосок болот эле, бирок, эми конфликт укуктук талаада гана чечилет. Жаңылбасам, ага ондон ашуун өтө оор айыптыр коюлуп жатат. Бул саясый тирешүү эмес, кылмыш жоопкерчилигине тартуу, башкача айтканда, маселе таптакыр башка өңүттөн коюла баштады. 

Анан калса, жанагы окуялардан кийин бир саясый цикл бүтүп, жаңы цикл башталды, анын Атамбаевдин ысымы менен эч кандай байланышы болбойт. Себеби, алдыда 2020-жылдын күзүндө өтүүчү парламеттик шайлоо сыяктуу кыйла маанилүү окуялар турат. Мында эң башкысы, оюндун эрежеси алдын ала аныкталып, мыйзамга маанилүү өзгөртүүлөрдү киргизүү маселеси чечилүүгө тийиш. Негизги саясый күчтөр Атамбаевди колдошкон жок, аны менен кызматташышкан да жок. Мына ошондуктан, экс-президент бул багытта  кандайдыр бир активдүүлүк көрсөтөрүн айтууга болбойт. Албетте, анын тарапташтары маалымат айдыңында активдүүлүк көрсөтүшөт, бирок, алардын мүмкүнчүлүгү чектелүү. Кой-Таштагы окуялар Кыргызстанда саясый улут калыптанганын көрсөттү. Калктын басымдуу бөлүгү революциялардан, мүлкү үчүн коркуудан чарчашты. Карапайым адамдарга саясый туруктуулук керек. 

-- Мындай кырдаалда Атамбаевдин КСДПсы Жогорку Кеңешке келгенге шансы барбы?

-- Азыркы курамында шансы жок да. Партиянын экиге бөлүнгөнү, жүрүп жаткан сот процесстери... Кыскасы, бул саясый партиянын келечеги бүдөмүк. Кырдаалды оңдош үчүн ребрединг жана көп башка кадамдарды жасоо керек. 

Азыр саясый аренада өлкөнүн баардык деңгээлдериндеги мыйзам чыгаруучу органдарга шайлангысы келген көп жаштар пайда болду. Алардын максаттары таптакыр башка. Менин баамымда, августтагы окуялар биз саясый курсту өзгөртүүбүз керек экенин каңкуулап турат. Кандай планда? Азыр парламентке 80 пайыз жаңы, жаш адамдар келиши керек. Эң жок дегенде буга чейин Жогорку Кеңеште отурбаган кишилер келиши зарыл. Бул өтө маанилүү, себеби, парламентке баардык регионалдык элиталардын тартылганы кырдаалды турукташтырып, реформаларды баштоого мүмкүндүк берет. 

-- Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев жөнүндө кандай ойдосуз? Ал кокусунан эле саясатка аралашып, катуу саясый билдирүүлөрдү жасоодо. Ал атасынын ордун алмаштыра алабы?

-- Анте албайт. Азыр таптакыр башка күчтөр аракетке келди, саясатка камыр-жумур болуп аралашып кеткенге убакыт да керек. Анан калса, кыргыз саясаты аябай эле динамикалуу, аны бир аракет, бир секирик менен багындыра албайсың. 

-- А Өмүрбек Бабановчу? Эми ал өлкөдөгү биринчи оппозиционер болуп калабы, же дымып жатып алабы?

-- Менимче, болбойт го. Мекенине кайтып келгенден кийин айткан сөздөрү ушуну каңкуулап турат. Азыр ал укук коргоо органдарынын дооматтарын жөнгө салуу, өзүнүн күнөөсүз экендигин далилдөө менен алек. Азырынча анын күн тартибинде такыр башка маселелер турат. Ал эми кийинки этапта партиясы менен иштеп, алар жаңы парламентке келип калуулары мүмкүн. 


(“Евразия, Эксперт”)

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер