Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кошунаңдын үйүнө кирүүгө да тыюу салынды

Кошунаңдын үйүнө кирүүгө да тыюу салынды

31-март, 12:35
1 416 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Борбор калаанын коменданты Алмазбек Орозалиев төмөндөгүдөй чектөөлөрдү киргизүү тууралуу буйрукка кол койду:
Шаар ичинде жөө жүрүүгө жана унаа менен жүрүүгө тыюу салынат, төмөнкү учурлардан сырткары:
Жашаган жеринен үйүнө чейин жана жумушунан үйүнө кайтуу, жанында ишмердүүлүгү бекитилген тармактардын тизмесине кирген уюмдарда иштегени жөнүндө аныктамасы болушу керек;
Каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 1,5 чакырым алыс эмес радиустагы дүкөндөн азык-түлүк товарларын, дарыканалардан медициналык каражаттарды жана дары-дармектерди сатып алуу;
Үй жаныбарларын, каттоо маалыматтары, анын ичинде убактылууну эске алганда, жашаган жеринен 100 метрден алыс эмес радиуста сейилдетүү, 30 минутадан көп эмес;
Ыкчам учурлар боюнча медицина мекемелерине чыгуу;
Адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан өзгөчө кырдаалда ж.б.у.с. учурларда үйдөн күтүүсүздөн чыгуу.
Туугандарга, досторго, кошуналарга жана башка жактарга конокко барууга тыюу салынат;
Бир үй-бүлөнүн мүчөлөрүнөн сырткары, 3 адамдан көп топтор болуп чогулууга тыюу салынат;
Жашы жете электерге чоӊ адамдардын коштоосу жок жүрүүгө тыюу салынат;
Шаардын жашоо ишмердүүлүгүн камсыз кылгандардан тышкары, баардык уюмдар менен ишканалар ишин убактылуу токтотсун.

Ишмердүүлүгүнө уруксат берилгендердин тизмесине кирбеген тармактардын баардык уюмдары жана ишканалары ӨА учурунда ишмердүүлүгүн токтотуп жана аралыктан же онлайн режимде жүргүзүлсүн.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер