“Кендирди кескен мындай кымбатчылык эч качан болгон эмес”


-- Барган сайын кымбатчылык күч алууда. Кыргызстандагы айлык, пенсия менен жетиштүү жашоого мүмкүнбү?

Клара Ажибекова, коомдук ишмер:
-- Кымбатчылык азыр Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндө күндөн-күнгө күчөп жатат. Бирок, көп учурда атайылап эле баалар көтөрүлүп бараткансыйт, мунун баарын жанагы соода монополисттери жасап жатышат өңдүү. Бул маселени колго алыш жана көзмөлдөш үчүн мамлекеттик башкаруу күчтүүрөк болуш керек го! Экспорт-импортту тийешелүү деңгээлде тейлеген оң. Мисалы, эт өтө эле кымбаттап кетти. Кыргызстанда жашап туруп мындай жагдай жаралбаш керек эле. Ошол эле учурда экспорт көбүрөөк... Жер-жемиштер кышпы, жайбы – бир баада. Биз мындайга көнгөн эмеспиз. Мен ойлойм, жеке менчик үстөмдүк кылган учурда деле мамлекет көз салып, антимонополдук комитет баарын көзөмөлдөп, аша чаап бараткандарын тизгиндеп турганы оң. Ушундай шартта мамлекеттик базар, дүкөндөр, муниципалдык соода түйүндөрү ачылып, аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн кызматын кылып турса жаман болбос эле. Бийлик бааны жөнгө салышы шарт. Түштүк Кореяда жеке менчикти деле мамлекет тыкыр көзөмөдөп башкарып турат. Азык-түлүккө болгон импортту азайтып, өзүбүздүн кенен-кесир баккан жолубузду издеп, өзгөчө нан, эт, май, сүт, ун, картөшкө, жашылча, жер-жемиштерди чет жактан алганды кан буугандай токтотсок кана?

Качкын Булатов, укук коргоочу:
-- Ушу тапта кымбатчылык кендирди кесип турган чагы. Көпчүлүк учурда Москванын баасынан ашып түшкөнүн байкайбыз. Мындай эч качан болгон эмес да. Ошол эле Казакстан, Өзбекстанда биздегидей каатчылык жок. Эмненин негизинде кымбатчылык болуп атканын айткан, деген жан жок. Бааларды көзөмөлдөп, тескеп аткан антимонополдук кызматтын иши байкалбайт. Ал эми пенсионерлер үчүн өтө эле кыйын абал экенин айтпаса болбойт. Жок дегенде ар бир жарым жылда айлык акыны, пенсияны индексация кыла турган өкмөттүн бул жаатта алдыга кадам таштаганын көрө албадык. Айтмакчы, баардык продуктылар кымбаттады. Бир тандыр нан 40-50 сомду чапчыды. Кээ бир тирукмуш нандар 100 сомдун тегереги. Бөкчөңдөгөн пенсионерлерге жаман эле болду. Дагы кайда барабыз билбейм?

Урмат Акунов, жарандык активист:
-- Мамлекеттин соода тармагында жүргүзгөн саясаты илең-салаң. Максаттуу болбой атат. Мониторинг жүргүзүп, эмне үчүн азык-түлүккө карата баалар асманды көздөй кетип баратат? Бул боюнча мамлекеттик ишканалар, анын ичинде антимонополия кызматынын элге түшүндүрмө бергенин уга да, көрө да элекмин. Алар эмнеге айлык алып аткандары мен үчүн түшүнүксүз. Мындан сырткары, чет жактан келген товарлар кандай жол менен Кыргызстанга кирип атат? Баары мыйзам чегиндеби? Биз жактан сыртка кетип аткандарчы? Мына ушулардын баары өтө тыкыр көзмөлдө болушу керек. Алынган баалары менен сатылып аткан баалар өзүм билемдикте эмес, мамлекет койгон тартипте жүргүзүлүшү шарт. Бир депутаттын (“крышовать”) монополиясына айланбашы керек. Ички өндүрүлүп аткан продукциялар да мамлекеттин иштеп чыккан эрежелеринен кыйгап өтпөшү абзел. Албетте, мен билгенден Кыргызстандагы айлык акы жана пенсия менен бүгүнкү күндө жашоо өтө кыйын. Улуу муундун адамдары нан, чай жана бир аз дары-дармек алымыш болот, башкасына жетпейт. Өлбөстүн күнүн көргөн адамдар да аз эмес.











