Акыркы кабарлар
» Коом » Анжеликага казак миллионери 501 роза белек берип, колун сурады
Анжеликага казак миллионери 501 роза белек берип, колун сурады
21-ноябрь, 11:12
8 941 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Акыркы кездерде элдин көңүл чордонунда жүргөн ырчы Анжелика Кайратова кечээ эле жаңы сүйгөнү тууралуу ачыктаган эле.
Бүгүн Инстаграмм баракчасына сүйүктүүсү казак улутундагы мырза экенин айтып, “башкалардан укканча өз оозумдан уккула” деп ал тууралуу баяндама жазды.
Ал мырза кечээ бир иш чарада ырдап аткан Анжеликага сахнага чыгып, анын колун сурап 501 даана роза белек кылганын, ага “Ооба” деп жооп бергенин айтып кубанычын элге жар салды.
Ал эми Инстаграммдагы ырчынын куйөрмандары ага бакыт кааласа, айрымдары ар кандай сындарды кошуп жазышты.
Ырчынын колун сураган казак мырза бизнесмен, миллионер экенин тааныштары жазышты.
Aryba.kg