ЖОЖдор контракт акысын 10%га дагы арзандата албайбы?
Атын атагысы келбеген ЖОЖдун студенти төмөндөгүдөй пикирин жолдоду:
“Онлайн окутууда эч кандай билим ала алган жокмун. Айрым мугалимдер бар, тырышып, сабактарын калтырбай өткөнгө аракет кылышат. Айрымдары болсо “бул теманы баланчанчы беттен таап окугула же издегиле” деп эптеп тапшырма бергенге жарашат. Андан да өтпөгөн темаларын сурагандары канча? Алар онлайн билим бере алган жок. Анан ЖОЖ жетекчилери уялбай толук контракт акысын доолап отурушат. Пандемиядан ар бир үй-бүлө жабыркап, жумуш таппай кыйналып турган учурда ЖОЖдор жок дегенде кыйналган студенттердин абалын эске алып, ырым үчүн болсо дагы жок дегенде 10%га арзандатып коюшпайбы!” деп күйүп-бышат. Бул бир студенттин үнү эмес, миңдеген студенттердин жана карапайым элдин үнү.
"Азия Ньюс" гезити