Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жамал Сейдакматованын бейитине эстелиги орнотулду

Жамал Сейдакматованын бейитине эстелиги орнотулду

30-ноябрь, 20:20
354 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Бүгүн, 30-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын бейитине эстелиги орнотулду. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, эстеликтин ачылышына маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу, президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү Ильяз Иманбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Гүлкан Молдобекова, улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Кайрат Иманалиев, белгилүү коомдук-маданий ишмерлер жана туугандары катышты. Эстеликтин ачылышында Кыргыз керемети аталган кыргыз кинолорунда бир катар ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө кошкон салымы, бүтүндөй өмүрүн театрга арнаган өрнөктүү өмүрү эскерилди.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер