Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кендер боюнча келечегибиз эң сонун болот”

Дүйшөнбек Камчыбеков: “Кендер боюнча келечегибиз эң сонун болот”

07-ноябрь, 09:00
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Тоо кенчилер жана геологдор ассоциациясынын төрагасы, техника илимдеринин доктору менен маек.

Кумтөр кени өлкөбүздө ачылып иштетилгенден бери 30 жылдай убакыт артта калыптыр. Ал кендин иштетилиши, экономикага кошкон салымы, реалдуу жол-жоболор, мындан аркы келечеги, Кумтөрдөн башка кендер жана алардын эртеңи тууралуу адистин пикирин уктук.

-- Өлкөбүз Кумтөр кенин иштеткенден бери тарых болуп 30 жылдай убакыт артта калды. Анын улутташтырылышы да актуалдуу бойдон турат. Кумтөрдүн улутташтырылышынын пайдалуу жактары жана өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө кошкон салымын айттыңыз. Кандай өзгөрүүлөрдү алып келди? 

-- Кумтөр кенинин 30 жылда басып өткөн жолу өтө татаал болду. Адистердин, геологдордун максаты: биринчи кезекте жашап жаткан өлкөсүндөгү кен байлыктарды, алардын корлорун аныктап, анан алардын келечегин түзүп берүүгө, шарт түзүүгө аракет кылат экен. Кумтөр кени 70-жылдары эле геологдордун, геофизиктердин жүргүзгөн биринчи иш аракеттеринин негизинде аныктала баштаган. Кийинки мезгилдерде чалгындоо иштери жүргүзүлүп, ал жердеги алтындын кору аныкталып, такталды десек болот. 

Эң башынан айтсак, бул долбоор 1992-жылдардын башында эле сүйлөшүүлөр менен башталган. Ал эми 1993-жылы өкмөттүн алдындагы башкы кызматташууну бекитип, “Кумтөр Голд Компани”, “Кумтөр Оперейтинг Компани” деген компаниялар түзүлүп, ошол компанияларга кенди иштетүүгө уруксат берилген. Ошол себептен быйыл Кумтөрдүн 30 жылдык мааракеси белгиленди. Канадалыктар иш жаңыдан баштаган учурда кредит алып, 400 млн. доллар жумшалып, иш башталып, биринчи алтынды 1997-жылдардан тарта ала баштадык десек болот. Ошол жылдары алтындын көлөмү ар кандай өзгөрүүлөр менен коштолуп турду. Алды 20 тоннадан ашык, азыраагы 10 тоннадан ашык алтын алган мезгилдер болду. Башында “кредиттердин мөөнөтү бүткөнгө чейин” деп ар кандай салыктардан бошоткон учурлар болгон. Ал туура болгонбу же туура эмеспи, ошол учурда аныктоо иштери жүргүзүлгөн. 

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 400 тоннадан ашык алтын казылып алынып,  реализация болду. Андан тышкары, геологдордун өздөрүнүн термини бар, “запастарды алуу” деп коёт. Жалпы 500 тоннадан ашык алтын ал жерден алынган. 

Учурда кендерди иштеткенден калган калдыктарды сактоочу жай бар. Ал жерде запаста 105 тоннадай алтын бар деп айтып келсек, акыркы убакта “120 тоннадай алтын запасы бар” деп Кумтөрдүн жетекчилиги тарабынан айтылды. 2026-жылдары ал жерден алтын казып алуу иштери жүрөт деген маалыматтар бар.

“Центерра” компаниясы 2021-жылга чейин, тышкы башкаруу киргенге дейре 1997-жылдан бери өндүрүлгөн алтындын баасы 12 млрд. доллар болуп эсептелсе, ошонун 4,5 млрд. доллары биздин өлкөдө калды. Ал акчалай түрдө калган жок, иштеп жаткан адамдардын маянасы, корогон электр энергия ж.б чыгымдар болгон. 

Ал эми бүгүнкү күндө Кумтөр өзүбүзгө өткөндөн бери өндүрүлгөн алтындын баары бизде калып жатат. Мисалы, 2022-жылы Кумтөр кенинен 17,3 тонна алтын өндүрүлгөн болсо, бул киреше толугу менен биздин өлкөбүздө калды. Алтын дагы Улуттук банк аркылуу сатылып алынып өзүбүздө сакталып калды. Быйылкы жылга 14 тонна деп пландалган. Бүгүнкү күндө иштер жүргүзүлүп жатат. Жыл жыйынтыгы менен ал дагы билинет. 

-- Кумтөр кенин өз алдыбызча иштеткенибиз мурдагыдай эле иш процессинде кетип жатабы? Кайсы бир багытта кандайдыр бир тоскоолдуктар болбой элеби? Адис катары сиздин байкооңуз кызык болуп турат...

-- Биз да бул долбоордон алыс эмеспиз. Илимий долбоорлорду жүргүзө турган да учурлар болуп калат экен. 2021-жылы тышкы башкаруу киргизилгенде ошол жерде 20-блокто жарака кеткенде коркунуч пайда болгон. Ал блок иштетилбей токтоп калса, биз алтын өндүрө албай калсак, кыргыз эли дүйнөлүк коомчулуктун алдында кандай шартта калат эле? Буга чейин 93-97% кыргыздар иштеп келген. Ошол адистер бүгүнкү күндө ийгиликтүү кызмат кылып жатышат. Пайда болгон жараканы дагы убагында туура чечим кабыл алып, иш уланып, 2022-жылы план ийгиликтүү аткарылды. Адистер өздөрүн иште алып жүрүүнүн жол-жоболорун так аткарып, Кумтөр кени мурда кандай тартипте иштеп келген болсо, азыр да иш ыргагы ошондой уланууда. 

-- Кумтөр кенин иштетүүдө кадр саясаты учур талабына ылайык иш алып барууда деп айсак болот экен да?

-- Мурдагы эле өзүбүздүн жигиттер, улам жаңыдан кошулуп жаткан жаш адистер стажировкадан өтүп, жумушка кирип, тарбия алып, такшалып, иш жүргүзүшүп жатышат.

-- Бүгүнкү күндө Кумтөрдү иштетүү менен дагы башка тоо-кен тармагындагы кендерди иштетүүгө кандай мүмкүнчүлүктөрүбүз бар? Өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошкон, экологияга зыян келбеген кендер боюнча айтсаңыз?

-- Бүгүнкү күндө тоо-кен тармагында иштетилип жаткан кендерди, ошонун ичиндеги экологиялык маселелерди биз сөзсүз түрдө так аткаруубуз шарт. Кумтөрдү өзүбүзгө алганыбыздын бир чоң себеби да ошол экология маселеси болгон. Кендер боюнча Кумтөрдүн өзүн эле айта турган болсок, “Центерра” компаниясы кеткенге чейин 2021-жылдын 1-январына карата “Кендин корун аныктоочу мамлкеттик комиссия” деп коёт, ошого 190 тоннага жакын алтынды баланска коюшкан. Ошол алтынды 2031-жылга чейин иштетебиз деген пландары болгон. Кумтөр долбоору өзүбүзгө калгандан кийин 2021-жылдан тартып биз ошол баланска коюлган кендердин үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, 2020-жылы алтындын руда блогун иштетсек, учурда 19-блокту иштетип жатабыз. Эмдиги жылы 21-блок, андан кийин 22-23 деген блоктор болот. Андан тышкары, жогоруда белгилеп айткандай, кенди иштеткенден кийинки калдыктарды сактоочу бөлүмүндө 120 тоннадан ашык алтын бар. Кен өзү борбордук горизонтторго бөлүнөт. Бүгүнкү күндө 3200 горизонттон ылдый жагын жер астындагы жол менен иштетүү божомолдонгон. Ошолорго чалгындоо иштерин жүргүзүү зарыл. Ал жерде “300 тоннадай алтын бар” деген маалыматтар бар. Жок дегенде ошонун 50%ын иштетип ала турган болсок, анда Кумтөр кенин 2040-жылдарга чейин иштетүүнү божомолдойбуз... 

Андан тышкары, биздин министрлер кабинети тарабынан дагы Жети-Өгүз өрөөнүндө жайгашкан Тоголок деген союз учурунда изилденип такталган 19 тонна алтын кени бар кенди, анын жанында жайгашкан Жаңгарт деген аянтты изилдегенге уруксат берилди. Учурда өздөрүнүн иш пландарын түзүп, ал жерлерди да иштетүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Андан тышкары, Жерүй алтын кенин алалы. Баардык алтын кендеринде үлүшүбүз бар, бирок Жерүй кенинде 1% дагы үлүшүбүз жок экенин айтып келебиз. Талды-Булактагы алтын кенди “Кыргызалтын” иштетип жатат. Терек-Сайда жайгашкан да кендерибиз бар. Казак тараптар иштетип жаткан Бозумчак, кытайлар иштетип жаткан Иштамберди деген кендерибиз бар. 

Биз 2022-жылы Кумтөрдөн 17,3 тонна алтын алган болсок, башка кендерден алынган алтындын жалпы эсебин кошкондо 2022-жылы 25 тонна алтын алдык. Быйыл план толук аткарылабы же болжолдогондон да ашык болобу – дагы эки айдай убактыбыз бар. Так айтыш дагы өтө оор, себеби, тоо-кен тармагындагы процесстер өтө татаал жана кооптуу, ошон үчүн жылдын жыйынтыгы менен толуктап айтсак болот. 

Биз мурда ММКга геология тармагына көңүл бурулбай, бөлүнгөн каражаттар аз өлчөмдө экенин айтып калчу элек. 20-22 млн. сом каражат бөлүнөт, ага бир эле отряддын жумушу жасаларын айтып келем. Эми министрлер кабинетине президентибиз тарабынан тапшырмалар берилген экен. Биздин кыргыз геология кызматына келерки жылы 1 млрд. сом бөлүнөрү айтылууда. Ал бөлүнгөн каражаттар менен көп жумуштар жүргүзүлүшү керек. Ошол иштердин баары жүргүзүлсө, буюрса, кен боюнча келечегибиз эң сонун болот. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер