“Атамды көрсөм ташбараңга алам...”
“Атамды көрсөм ташбараңга алам...” дал ушул сөздү 5 жаштагы бир түрк кызы айткан эле. Эки жыл мурун Анкарада жүргөнүмдө окудум. Энесин көз алдында, көчө ортосунда асфальтка башын чаап өлтүрүп салган экен. Көрсө мындай окуя ал өлкөдө көп эле болоорун байкадым. Мүмкүн калкынын саны көптүгүнөн улам мага ушундай сезилди.
Кийин жаңылыктардан атасынын уул-кызынын көзүнчө энесин мууздап жибергени, сабап өлтүргөнү, асып салганы, айтор, не бир түркүн мыкаачылык менен коштолгон өлүмдөрдү көрдүм. Бир күндө үч аял өлтүрүлгөн учурлар болду. “2019-жылы 474 аял эркектин кордугунан өлдү” дешти...
“Бул Түркияда” дедим. “Кудайга шүгүр, бизде жок” дедим. “Анда-санда бир айбан чыкканы болбосо, кыргыздай кызын сыйлап алган улут аз” деп...
Кыз боорукер болот. Кыз боор болот. Кыздын кырк чачы улуу. Кызга тийбе, шал болосуң деген тарбиябыз бар эле. Мен дагы деле ошол тарбиянын өлбөгөнүнө ишенем. Ошол накыл кеп, насаат сөздөрдү көкүрөктө түйө жүрөрүбүзгө ишенем!
Бүгүн Айзаада бир тууганыбыз бейкүнөө кете берди. “Эртең дагы бир энебиз, эжебиз, карындашыбыз кезексиз кетпесин” десек, бүгүн алдын алалы. Жигиттер, энеге ызаат-урмат менен, эже-карындашка камкордук, сүйгөнүбүзгө, жарыбызга мээрим менен карайлы. Ала качпайлы! Ала качтырбайлы...
Нурмухаммед Жумабаев