Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Акчаң жок болсо, өлүп кете бер” деген заман келди

“Акчаң жок болсо, өлүп кете бер” деген заман келди

10-февраль, 17:58
848 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азыркы учурда дүйнө жүзүндө илгери биздин түшүбүзгө да кирбеген шумдук окуялар, өзгөрүүлөр болуп жатат. Ар кайсы аймакта согуш оту токтобой, күн сайын миңдеген адамдар бейкүнөө кырылууда. Экологиялык кырдаал татаалдашып кетти. Москвада иштеп жүргөнүмдө даңктуу жердешибиз, өлкөбүздөгү биринчи космонавт Салижан Шарипов менен кеңири баарлашып, интервью алганымда, ал космостон жер планетасынын үстүндөгү абаны тазартуу катмары улам жукарып, ар кандай жаратылыш кырсыктары, апааттар аябай көп болуп жатканын кейиштүү түрдө баса белгилеген эле. Бизде акыр заман болбосо да, ошону утурлай бара жатабызбы?

Ал эми ар бир мамлекеттин кандай жашап жатканы андагы карапайым адамдардын жашоо деңгээлинен, дүйнөлүк чөйрөдө кандай орун алганынан баамдалат тура. Туура, буга дейре эгемендүү Кыргызстанды башкарышкан президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жеке кызыкчылыктарын башкы планга коюшуп, “жеп-ичкенден” башканы билишпей, кризистин сормо сазына батышып, жемкорлуктун, трайбализмдин туу чокусуна чыгышкан эле. Биз өлкөбүздүн келечегинен үмүт этпей калганбыз. Садыр Жапаровдун бийликке келиши менен баардык тармактарда реформалар жүргүзүлүп, жашообуздун оңолушуна үмүт оту күйө баштады. Буга да шүгүр дейли. Бирок дале чечиле элек түйүндүү маселелер толтура. Мен бүгүн бизди абдан кыйнап жаткан кымбатчылык маселесине токтолсом дейм. 

Акыркы жылдарда кагаз жүзүндө отчеттордо цифралар миллион-миллиарддарга, атүгүл триллионго жеткени менен кыргыз айыл-кыштактарындагы карапайым калктын жашоо деңгээли төмөн. Өзүбүздү Европанын эмес, Азиянын мамлекеттерине салыштырсак да абдан артта калыптырбыз. Илгери совет бийлигинин алгачкы жылдарында Кадамжайдын Апсамат кыштагынан бала кезинде оболу Түркияга, андан соң Швециянын бир кичинекей шаарына барып жашаган аксакалга жолугуп, “пенсияңыз канча?” деп суроо узатсам, ал “Кудайга шүгүр, Европада пенсия ар бир инсандын тамак-ашына, кийим-кечесине, квартирасынын төлөмдөрүнө, таштанды, электр кубаты, жаратылыш газы, атүгүл лифт жана башка ден соолукка, эс алууга керектөөлөрдүн баардыгы эске алынып, андан бир аз ашыгыраак төлөнөт” деп ыраазылыгын билдирген эле. Бул ошол 1990-жылдардагы европалык пенсиянын принциптери экен. Эми биздеги азыркы акыбал менен салыштырып көрөлү. Менин пенсиям бир азга көбөйүп отуруп, 7253 сом, байбичем 13000 сомдон ашыгыраак алат. Өткөн айда электр кубатына 1700 сом, ташылбаган эле таштанды үчүн 300 сом, газ баллонуна 1000 сом төлөдүк. Күйүүчү майдын наркы да кескин ашып кетти. Азыр Бишкектен Ошко айылчылап барып келүү да абдан оор. Кымбаттаганга чейин андан эки эсе аз төлөчүбүз. Бишкектеги жол кире накталай төлөгөнгө 20 сомдон болуп калды. Эми дагы эки эсеге жогорулайт. Мурда базардан бир даана нанды 20-30 сомдон, картөшкө, сабиз, пиязды 15-20 сомдон, өсүмдүк майын 80 сомдон, этти 300-400 сомдон сатып алчубуз. Булардын баары эки-үч эсе кымбаттады. Семиз сулп эт, казы-карта эмес, шыйрак, боор, карын, чычаң алганга туура келүүдө. Кийим-кеченин, квартиралардын баасы да асмандап кетти. Дүкөндөрдөгү сатуучулар соода солгундап кеткенине нараазы. Нак пул жок болсо, акчанын күчү кетсе, не кылышсын бечаралар?..

Уулдарыбыз жардам беришет. Алынын жетишинче. Алардын да майда балдары бар. Ден соолукка байланыштуу дары-дармектерди “Неман”, “Бимед” деген аптекалардан сатып алам. Өткөндө төрт таблетка алсам баасы төрт миң сомго чукулдап калды. Таблеткаларынын таасири жок. Мөөрлөрү жасалма басылган, “контрабандабы?..” деп ойлоп калдым. Ушул кымбатчылык кайдан келип чыгууда? Биринчиден, муну ошол базарда отурган алып-сатар, чайкоочулар жаратышууда. Экинчиден, аларды көзөмөлдөгөн орган кызматкерлери алсыздыгын, арамдыгын көрсөтүп жатышабы? Кыргызстан калкынын санына салыштырганда, оорукчандардын саны боюнча дүйнөдө алдыңкы орунга чыкты го. Ошентип, калктын саламаттыгы жакшырган жок. Аптекачылар карапайым элди алдаган “ишкерлерге” айланып калышты. “Эл аманга” кирип, издеген дарыңды таппайсын. Азыр “акчаң жок болсо, өлүп кете бер” деген заман келди.

Ислам дини, молдокелер “сабыр кылыңыз, чыдаңыз” деп акыл үйрөтүшөт, бирок чыдамыбыз кетип баратат. Ачыгын айтсак, четки Баткен өңдүү аймактарда жумушсуздук аябай күчөп, айрым жаштар улгайган ата-энелеринин пенсиясын күтүп жатышканы жашыруун эмес. Туура, экономикада алга илгерилөөлөр жүрүп, жаңы ишканалар ачылууда. Бирок анда көп болсо беш-он адам гана иштейт экен. Менин божомолумда, Кыргызстандагы калктын он пайыздайы байгер турмушта, он пайызы орто деңгээлде, калганы жакырчылыктын туткунунда күн кечирүүдө. Ошондуктан аш-тойлордогу, өлүм-житимдеги ысырапкерчиликти кыскартууга багыт алуу туура эле болду. Адатта “жылкыңа ченеп ышкыр, мурдуңа карап бышкыр” деп коюшат эмеспи. Кошуна өзбек, тажиктер бизден көп киреше табышканы менен аны үнөмдөп, дагы көбөйтүүнү жакшы билишет. Бизде болсо жарышмай, атаандашуу, насыяга, карызга той өткөрмөйлөр толуп кетти. Аң-сезимибиз качан өсөт?.. Эми Россиядагы мыйзамдар катаалдап, он миңдеген эмгек мигранттары бала-бакырасы менен көчүп келишсе, кайдан жумуш табышат? Саясый кырдаал дагы курчуйт го сыягы...

Кыргызстан планетабыздагы ортозаар деңгээлдеги мамлекет. Бизди чет өлкөлөргө чыксаң эч ким деле жетиштүү тааныбайт. Республикабызда 2021-жылы 9,2 миллиард доллардык ички дүң продукция өндүрүлсө, былтыр бул сан 20,3 миллиард долларды түздү. Салык 183 миллиард сомдон, бажы төлөмдөрү 111 миллиард сомдон ашты. Бул мурдагы мезгилден кыйла жогору. Цифраларды тизмелей берели: республикабыздагы орточо айлык акы 34046 сом, орточо пенсия 9063 сом экен. Айтыңызчы бурадар, ушул акча менен адамча жашоого болобу? Карыялардын басымдуу бөлүгү аз пенсия алышат. Ал эми айлыгы жакшылар өтө аз санда. Андай ишке тааныш-билиш аркалуу гана орношууга болот. Эң аз жашоо минимуму Бишкек шаарында 8173 сом. Бул бир кишиге бөлүнгөндө. Айылдагы беш балалуу бүлөгө тамак-ашына гана кырк миң сомдон ашык керектелип жатпайбы! Ага жеткендер чанда гана деп ойлойм. Европа, Америкага салыштырбайлы, шериктеш өлкөлөрдү карайлычы: орточо пенсия Казакстанда 270 доллар, Азербайжанда 249 доллар, Россияда 248 доллар. Кыргызстанда болгону 92 доллар. Молдовада 58, Тажикстанда 27 доллар экен. Ички дүң продукция бир кишиге бөлгөндө Казакстанда 9248 долларды, Беларуста 5783 долларды, Арменияда 3870 долларды, Кыргызстанда 1296 долларды түзөрү белгиленген. 

 Жыл сайын жер жүзүндө үч миң тоннага жакын алтын өндүрүлөт. Анын 370 тоннасы Кытайга таандык. Россияда 200 тонна, Өзбекстанда 100, Кыргызстанда 20 тонна казылып алынууда. 

“Кыргызстан чет мамлекетке экспортко кандай товарларды жөнөтөт?” деген да маселе бар. Туура, алтын өндүрүүнү мамлекет өз колуна алып, дурус бурулуш жасалды. Андан тышкары, кийим-кече, эт, сүт азыктары, пахта буласы, айрым мөмө-жемиштер бар, бирок бул жагынан айтылуу ийгиликтерге али жетише элекпиз. Жөнөкөй эле мисал, Бишкекте жана Чүй облусунда көмүскөдөгү тигүү цехтери дале чекеден чыгат. Алар текшерүүчүлөрдү багып жатышат. Мамлекетке жетиштүү салык түшпөйт. Биздин табигый шартыбызда даамдуу бышкан, ден соолукка пайдалуу картошка, сабиз, помидор, алма-өрүк, малина, күрүчтү алыскы түндүктөгү эмес, кошуна мамлекеттерге сата албай жатабыз. Буга райондордогу айыл чарба башкармалыктары менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары, айыл чарба министрлиги күнөөлүү. Алар жетиштүү көмөк көрсөтө албай жатышат. Мына базардагы эттин баасы эки эсе кымбаттап кеткенин белгиледик. Аны иликтеп көрсөм, биздин этти тажиктер ташып кетип жатышат имиш. Эми чек ара жабык болсо, алар малды кантип ташып кетишет дейм да? Бизге казактардан келип жатат экен. 

Союз учурунда Кыргызстандын өнөр жай ишканаларында, эт-сүт комбинаттарында, тигүү фабрикалары менен комбинаттарында он миңдеген адамдар эмгектенишип, баардык нерсе арзан болчу. Алдыдагы жылдарга пландар белгиленчү. Калкыбыз азыркыдан эки эсе аз мезгилде таңкыстык, кымбатчылык дегенди билчү эмеспиз. Азык-түлүк коопсуздугу дегенди ойлоп да койбоптурбуз. Неге азыр кагаздагы жашообуз жакшы да, чыныгы жашообуз улам ылдыйлап баратат? Мен ушуга таңгалам...


Адылжан Жажанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер