Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Пирматов: “Жалал-Абад фондуна жылына 1 млрд. сом акча түшүрөбүз”

Исхак Пирматов: “Жалал-Абад фондуна жылына 1 млрд. сом акча түшүрөбүз”

16-сентябрь, 11:11
918 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты «Биримдик» демократиялык социализм евразиялык тандоо» саясый партиясынын үгүт ишинин алкагындагы эл менен жолугушуу учурунда айтты. Жолугушуу 15-сентябрда Аксынын Кербен шаарында ѳттү. Жолугушууга партиянын тѳрагасынын орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров, талапкерлер Улукбек Кочкоров, Исхак Пирматов, Аида Касымалиева, Феруза Исмайлова, Каныбек Туманбаев, Эрк Орозбаев  катышты. 

«Мага бийликтин, мансаптын кызыкчылыгы жок. Мен шайлоого баштаган мыйзамдарды аягына чыгарып, элге кызмат кылуу үчүн баратам. Мен чыгарган мыйзам аркылуу Ала-Бука районунун ѳнүктүрүү фондуна 4 жылда 1 млрд. 56 млн. сом, Чаткал районунун ѳнүктүрүү фондуна 300 млн. сом түшүрдүк. Жалпы республика боюнча 3 млрд. сомдон ашык долбоорлор каржыланды. Кудай буйруса, алдыда дагы бир канча кендер иштетиле баштаса, Жалал-Абад облусунун ѳнүктүрүү фондуна жылына 1 млрд. сомго жакын акча түшѳ баштайт. Мамлекеттик бюджеттин кѳзүн карабай кѳптѳгѳн социалдык, инфраструктуралык  кѳйгѳйлѳрдү чечүүгѳ мүмкүн болот», - деди И.Пирматов ѳз сѳзүндѳ. 

Ошондой эле ал аксылыктарга кайрылып, депутаттарды шайлоодо анын бир уруудан, бир айылдан экенине карабай кылган иштерине, кесипкѳйлүктѳрүнѳ  карап добуш берүү зарылдыгын айтты. «Биздин бала эле, ѳзүбүздүкү эле” деген мамиле менен добуш берүүнү токтотууга мезгил келди. Добушуңарды сатпоого чакырам. Добушту сатып алган партияларда шайлоочулар алдында милдеттүүлүк болбойт! “Добушту сатып алганбыз” дегендей мамиле кылат!», - деген Пирматов 4-октябрда «Биримдик» партиясына добуш берүүгѳ чакырып ѳттү. 


«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер