Июнь окуясы... Генерал Курсан Асановдун эрдигин баалай алабызбы?

2010-жыл Ош шаарындагы Июнь окуясына азыркыга чейин тарыхый баасы бериле элек. Андагы генерал Курсан Асановдун аракети кандай бааланууда? Биз өткөндөн сабак алмайын алдыга жылуу аракетибиз канчалык деңгээлде болууда?
Миталип Мамытов, КР Эл Баатыры:
-- 2010-жылдагы Июнь окуясы биздин элдин жүрөгүн бир “болк” эттирип, бычак мизинде калып, “кыргыз эли улут катары дүйнөдө жок болуп кетеби?” деген суроо ар бир адамдын көкүрөгүнө кыттай уюп калган кез эле. Мына ушундай коркунучтуу абалда ойдо жок жерден генерал Курсан Асанов чыга келди. Жөн эле катардагы жоокер эмес, нагыз генерал, нагыз кыргыз элинин патриот уулу болуп, андан ары жаңжалды күчөтүп ийбестен кыргыз-өзбек бир тууган элди ынтымакка бириктирүү максатын ишке ашырды. Анын аракети түздөн-түз жакшылыкты көздөгөн, максатты таза койгон адам болгон. Анткен менен саясаттын тегирмени сыртка түртүп салды. Аны улут үчүн күйүп, элдин коопсуздугун тереңден ойлонуп, түз аракетти кылган эр жүрөк адам деп билишибиз керек.
Медеткан Шеримкулов, КР Эл Баатыры:
-- Курсан Асановдун бирден-бир аракети эле мамлекетибизде тынчтык болсун, коогалаң андан ары күчөп кетпесин, эки коңшу элдин ортосуна жик кетпесин, кылымдардан бери келаткан алакабызга доо кетип калбасын деп болгон күчүн жумшады деп ойлойм.
Дилбар Көчкөнова, Июнь окуясынын катышуучусу:
-- Июнь окуясында балдарыбызды таппай калган мага окшогон энелерден 23 эне болдук. Сай-сөөгүбүз сыздап, кан жутуп, жаныбызды коёрго жер таппай кайсалап аткан кезде Курсан Асановду жолуктурдук. Мен бу жигитти абдан жогору баалайм. Себеби, Курсандын кылганын ал убакта эч ким кыла алган эмес. Анын эмгеги татыктуу түрдө бааланган жок. Ак көйнөгү кызылала канга боёлуп жүрсө дагы биз менен кошо ыйлап, кошо кайгырып, сай-сөөгү сыздап жүрдү. Ар бир үйгө биз менен кирип, балдарыбыздын өлүгүн издеп аттык. Анан мен Курсанды төшкө койгулап, “кан күйгөн жерде сен жүрөсүң, менин уулумду таап бер!” деп ыйлап атсам, мени эки колу менен кучактап, “табабыз апа, табабыз. Балаңыздын ордуна бала болоюнчу!” деп мени сооротуп, ошол жерде бир гана Курсан биз менен жүрдү. Эч кандай чоңдорду көргөн эмеспиз. Бир да депутат же президенттин дайыны, карааны да жок болчу. Анан “жоону чапса ким чапты, аты калды Манаска” дегендей, Курсан Асановдун аты аталбай эле, ошол кездеги бийликтеги адамдар “коогалаңды биз тынчтандырдык” дегендерине ичиң күйөт.
Исирадин Аманбаев, КР эл артисти:
--Июнь окуясы кыргыз элинин тарыхында кара так болуп сакталып калат. Бул боюнча Курсан Асановго тийешелүү бир окуяны айтып берейин. Ошол кезде облустун маданият бөлүмүнүн башчысы элем. Кандуу окуя башталып калды. Биздин үй-бүлө жашаган жер так чордону, очогу болуп, үч күн катары менен эшикке чыга албай калдык. 7-кабатта турчубуз. Айнектерден октор кирди. Абдан коркунучтуу болду. Өзбек бир туугандардын махалласы жакын эле. Анан шаарга коменданттык саат кирди. Аскерлер пайда болуп, ок аткандар азайды. Үрөй учуп турган мезгил, өрттөлгөн дүкөндөр, шаарды кара түтүн каптап, кадимки согуш абалы сүрөттөлүп, жаман көрүнүш көзгө урунат. Түнү уктай албайсың, бир маалда “Өзбекстан тараптан миңдей куралчандар келатыптыр” дегенде ого бетер өң-алеттен кетип, эмне кыларыбызды билбей калдык. Кошуналарыбыз ар кайсы тарапка, алысыраак туугандар тарапка кете башташты. Биздин үй-бүлө эле калдык. Анан аялым экөөбүз кеңешип, Ош шаарынын четирээк жагындагы туугандарга машине менен жөнөдүк. Эптеп ал жерден чыгып, борбор тараптагы администрация имаратына жеткенде аскер кийимин кийген, эки-үч жанжөөкөрү менен Курсан Асановду көрүп калдым. Көргөн көзүмө ишенбедим. Анткен менен ал кишини көргөндө жандүйнөм бошоп, духум көтөрүлө түштү. Ошол жерде миңдей адамдын курчоосунда турду. Көкүрөк-көөдөнүмдөгү сезимди азыркыга чейин сөз менен жеткире албайм. Агамдын үйүнө барып, ошол эле күнү өзүбүздүн үйгө кайттык. Телевизорду коё калсак, ОшТВ Курсанды көрсөтүп, ал жердеги миңдей адамдардын Асановго болгон ишеними, духтары көтөрүңкү жүргөнү бизге да күч кубат берип, элдин баары генералга таянып атты. Улам-улам телевизорду тиктейбиз, “Курсан сүйлөйт бекен, Курсан жүрөбү?” деп, болгон үмүт ошол кишиде болуп калды. Айтпай кетсем болбойт, ал Ош окуясында абдан чоң милдет аткарган. Бир эле адамдын ошончо элге дух бергенин биринчи жолу көрүшүм. “Курсандай эр азаматы турганда биздин эл тынч жашайт” деп өзүбүзгө өзүбүз ишенип, духубуз көтөрүлгөн. Курсан Асановдун эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын, ошондой кырдаалда боордош эки элге керектигин чын жүрөгүмдөн туюп, баа бергем.