Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Арстан Алайдын сырдуу өлүмү. Тыянак чыгабы?..»

«Арстан Алайдын сырдуу өлүмү. Тыянак чыгабы?..»

14-февраль, 09:00
788 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Арстан Алайдын абактагы өлүмүнүн сыры ачылбай калабы? Эмнеге башкы прокуратура мыйзамды көзөмөлдөөчү орган катары үн катпайт?” деген суроо салдым. Анткени, Арстанбек Абдылдаевдин акка моюн сунганына эле бир ай болуп калды. 

Токтайым Үмөталиева, укук коргоочу:

-- Мен билген маалымат боюнча прокуратура иш алып барууда. Иликтөө иштери түрдүү анализдерди алууну жана карап көрүүнү талап кылат эмеспи. Коомго чыгып кеткен видеолордун кадрлары бир топ талкууга жана күмөн саноого жол ачты. Ошол эле “№31 колонияга эмнеге алып барылган?” деген суроо жаралбай койгон жок. Анын каралып жаткан ишин жана койгон дооматтар боюнча коопсуздугун өзгөчө шартта караш керек эле. Башка чектөө чараларын бергенге соттордун укугу түздөн-түз бар болчу. Иштеген иши, жашаган туруктуу жери, кепилдик бере турган саясый жана коомдук топтор бар эле. Бийликке караштуу терс сын пикири деле жок болчу. Орус журналисттеринин орусча даана маалыматты бере албаганына байланыштуу “кыш болбойт” деген тамаша атка, куудулдук мүнөзү менен элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон, эл аралык деңгелде кыргызчылыкты колдогон, ак калпагын башынан түшүрбөгөн, зыяны жок инсан эле. “КР президенттик кызматына талапкер” деген макамы да бар болчу. Биринчиден, мындай адамды оор кылмыштар менен кармаганга буйрук кылган соттор, макулдугун берген прокурор жооп берип, иш колголуп, кызматтарынан алынышы керек. Ал үчүн адвокаттар иштеши зарыл. Прокуратура жоопкерчиликти мойнуна коюп, кылдат текшерип чечим чыгарышса, анда бул иш бийликтеги күчтөрдүн тийешеси жоктугун тактайт. Ошондо тыянагы чыгат, болбосо саясый же башка күчтөрдүн кызыкчылыгына иштегенин гана тастыктайт. Ошол эле СИЗОдон таралган видеонун анализи бир топ кылдат текшерүүнү талап кылат. Маалымат топтогон соң так маалымат бере албаса, башкы прокуратуранын өзүнүн аброюна шек кетет. 

Мавлян Аскарбеков, оппозиционер:

-- Биз тааныган Марат Казакбаев, Арстан Алай ж.б. коомдук ишмерлердин түрмөдө каза болушу бийлик үчүн чоң ката жана коомчулукта нааразылыкты жаратканы анык. Жолдор, мектептер, имараттар салынып, техникалар алынып жатканы жакшы, бирок бийликтин реформа кылуу аракетин көрбөй жатабыз. Так ушу укук коргоо, атайын кызмат, сот ж.б. органдардын реформасын, өзгөрүшүн эл талап кылууда. Убагында Атамбаевге да биз көп ирет баардык жаатта реформа зарылдыгын, люстрация керектигин, жаңылануу, тазалануу, өнүгүү жолуна түшүү керектигин айтып, талап кылып келгенбиз. Тилекке каршы, баягы эле саясатчылар, 30 жылдан бери кызматтан түшпөгөн конънюктурщиктер, жансакчылар, шоопурлар менен иштешип алды. Аягында так ошол шоопуру сатып, өзү кызматка койгон соттор соттошту. Мындай нерселер качанкыга чейин кайталана берет? Акыры коомдо жакшынакай бурулуш болушу керек да! Аны азыркы бийликтин жасаганга толук шарты да, мүмкүнчүлүгү да бар. Ал эми Арстан Алайдын сырдуу өлүмү боюнча тыянакты күтө туралы...

Гүлзат Аалиева, Манас таануучу, философия илимдеринин кандидаты:

-- Менин жеке пикиримде, башкы прокуратура жана башка укук коргоо органдары мыйзамды орой бузуу аркылуу сырткы геосаясый күчтөр каржылаган акчалуу жактар менен радикал исламисттердин кылмыштуу буюртмаларын кынтыксыз аткарып калган. Бүгүнкү күндө Турсунбай Бакир уулу сыяктуу радикал маанайдагы жана акчалуу исламисттердин кылмыштуу буюртмасы менен Арстан Алай айыпталган берене боюнча улуттук интеллигенциянын биз билген отуз, биз билбеген жүздөгөн алдыңкы өкүлдөрү соттук куугунтукка алынып жатат. Тилекке каршы, Турсунбай Бакир уулу жетекчилик кылган радикал динчилердин арызы менен соттук куугунтукка алынган мекенчил жарандардын бири да акталган жок. Тескерисинче, «кыргыз болуу – кылмыш» деген позицияны карманган прокурорлордун өтүнүчүнүн жана даттануу каттарынын негизинде «кыргыз болуу 100 миң сомго бааланат» деген шылдыңдуу басынтуу менен соттук куугунтуктагы мекенчил инсандар оптом 100 миң сом айып пулга жыгылышууда. Ал эми Арстан Алай болсо, тилекке каршы, соттун өкүмүнө жетпей, абактан табышмактуу жагдайда жан таслим болду. 


Сурат Жылкычиев

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер