Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сыйкыры барбы? Райымбек Матраимов саясый аренадан түшпөй калды

Сыйкыры барбы? Райымбек Матраимов саясый аренадан түшпөй калды

15-март, 23:24
963 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Саясат, кырдаал өзгөрүлмө эмеспи. Бүгүн асманың ачык турса, а эртең кара булут каптап калары шексиз. Адамдар да ошондой, кубулма. Бири-бирин сатып кетүү жаңылык деле эмес. Кимге оомат келсе, ошого кошомат кылуу таризинде күн көрүшөт. 

Негизи кызык эле окуялар болуп атат. Мандатынан ажыраган Шайлообек Атазов катуу сындаганга аракет жасап, башкы прокурор Курманкул Зулушевди “айыптап” өттү. “Райымбек Матраимовдун кан досу болуп, туулган күнүңүздө уча тартып отурбадыңыз беле?” деди. “Оомал-төкмөл дүнүйө” дейт. Бир убакта Райымбек мырзага жолуга албай, аны менен мамиле курууга ашыккандар толтура болчу. Кандай гана лөктөр алдына келишип, урмат-сыйын жасап жүрүштү? “Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт” деген да накыл кепти эстейли. Кечээги өткөн чакты таразалап, бүгүнкү учурду баамдап, ал эми эртеңки күнгө кандай саресеп салабыз? Кимдин муратка жетерин билбейбиз да... 

Деги эле Райымбек Матраимов саясый аренадагы оюндардан аты түшпөй калды. Ушунчалык таасирдүү, сырдуу, сыйкыры барбы? Ал боюнча арбын жакшы кептер, сын-пикирлер да аралаш айтылып келди. Ушунчалык дагы бактылуу адамбы? Он жылдан ашык убакыттан бери эл оозуна алынган кербези. Убагында кыргыздын жөнөкөй баласы экен, бара-бара “мифге” айландырып жиберишти го? Кандай айтсак да, Райымбек Матраимов болуу кыйын тура!   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер