Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты: “Депутаттар спорт менен машыгалы, башкаларга үлгү көрсөтөлү”

Тазабек ИКРАМОВ, ЖК депутаты: “Депутаттар спорт менен машыгалы, башкаларга үлгү көрсөтөлү”

04-ноябрь, 22:34
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, сиздин спорт менен активдүү шугулданып жүргөнүңүздү билебиз. Депутаттардын арасында спорт менен машыккандар дагы барбы?

-- Мен билгенден депутаттардын тең жарымына жакыны спорт менен машыгат. Ар кандай түрү менен. Бирөө футболго барса, башкасы волейболго барат, дагы бирөө баскетбол, билярд ойнойт. 

-- Кээ бир өлкөлөрдө чиновниктерди жумасына жок дегенде бир жолу сөзсүз түрдө спорт менен машыгууга милдеттендиришет экен. Кандай дейсиз, бизге да ушундай чаралар керекпи?

-- Мен билгенден Түрмөнстанда чиновниктердин баары спорт менен машыгууга милдеттендирилген. Негизи таза улут жаралышы, коом сергек жашашы үчүн спорт керек. Дары-даремекке канчалаган акча кетүүдө. Ошондуктан, көп оорулардын алдын алуу максатында да элди спортко кеңири тартуу зарыл. Адам үчүн эң биринчи ден соолук да. Ден соолук болсо, көңүлдөр куунак болуп, иш да өндүрүмдүү болот. Өзгөчө биз, депутаттар сөз менен гана эмес, өзүбүздүн ишибиз, жеке жүрүм-турумубуз менен да башкаларга үлгү болушубуз керек. Элдин өкүлү болгондон кийин бизди жалпы калк карап турат да. 

-- Спортту өнүктүрүү боюнча шайлоочуларыңызга кандайдыр бир жардам көрсөтө алдыңызбы?

-- Ооба. Сузак районунун Кызыл-Сеңир айылында спорт залын курдук. Мына, эки жылдан бери ал жерде грек-рим күрөшү боюнча мектеп окуучуларынын арасында 15 салмак категориясы боюнча эл аралык турнир өтүүдө. Былтыркы мелдешке Өзбекстан, Тажикстан, Казакстан сыяктуу Орто Азия өлкөлөрүнөн тышкары, Россияда да окуучулар келип катышышты. Айыл жеринде эл аралык турнир өткөнүнүн өзү жаштарга моралдык чоң колдоо деп эсептейм. Беш жыл ичинде балдар башка республикалардагы өзүнүн теңкурлары менен кадимкидей достошуп, келечектеги терең мамилеге жакшы база түзүлүп калат. 


Керим МУРАС

"Азия Ньюс" гезити



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер