Жээнбеков, Салиев, Жунушалиев, Опумбаев, Жамшитов камалмайынча көпчүлүктүн көксөөсү суубайбы?

Кой-Таш коогалаңында жаракат алгандар, кордолгондор, Октябрь төңкөрүшүндө майыптыкка учурагандар Сооронбай Жээнбековдун камалышын талап кылышып, байма-бай нааразычылык акциясына чыга башташты. “Учкундан жалын тутанат” дегендей, бул чоң чатактын башыбы? Бара-бара чыңалуу ырбаса, жаны ачыгандардын үндөрү Кудайга жетеби? Курч суроолор арбын. Түйүнү чечилбей турат. Акыйкаттан алганда, Кой-Таш, Октябрь окуялары боюнча Сооронбай Жээнбеков, Алмамбет Салиев, Кашкар Жунушалиев, Орозбек Опумбаев, Өткүрбек Жамшитов ж.б. бир топ жетекчилер жоопкерчиликке тартылышабы? Элди ит аткандай аткылашып, сабатышып, укуктарды бузушканы үчүн жаза алышабы? Мамлекеттик саясаттын туура нукта кетиши үчүн өткөн чакка акыл калчап, адилеттүүлүктү, калыстыкты орнотуу маанилүү да, туурабы? Андыктан, кыңыр иштерди узартпай баа берүүгө мезгил келди. Ошондо көпчүлүктүн көксөөсү сууйт...
"Азия Ньюс" гезити