Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Талантбек Узакбаев, экс-депутат: “Тойбосско” айтылган дооматтардын баары калп”

Талантбек Узакбаев, экс-депутат: “Тойбосско” айтылган дооматтардын баары калп”

01-июль, 22:11
401 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Талантбек Макишович, «Тойбосс» компаниясы өндүргөн азыктар боюнча түрдүү кептер айтылды. Ал дооматтар чындыкка дал келеби?

-- Туура, бир топ күндөн бери “Тойбосс” компаниясынын тегерегинде соцтармактарда далилсиз маалыматтар тарап жатат. Адис катары мен дагы пикиримди билдиргим келет. Айтылган дооматтардын баары калп. Каралоону комапаниянын ишине терс пикирлерди жаратуу үчүн жасалган диверсия деп ойлом. Таңгалганым: адис эмес, ДНК дегенден эч түшүнүксүз, колунда эч кандай изилдөөнүн протоколдору жок бир жигит кайра-кайра соцтармактан чыгып, өз оюн коомчулукка таңуулап жатты. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы эч кандай чочконун ДНКсы жок экенин далилдеп турат. Лаборатория дагы эл аралык аккредитациядан өткөн да. Башка кандай далил керек? Жалган жалаа таратканды мыйзам аркылуу жоопко тартуу зарыл

-- Бышкан тамактан ДНК билинбейт деген да кептер айтылып жатат го?

-- Бышкан азыктардан деле кайсы малдын этинен жасалганын ДНК аркылуу аныктаса болот. Колбасанын курамында соя, тоок эти ж.б. баары аныкталат. Андай лаборатория бизде, ветеринарияда деле бар. “Тойбосс” компаниясы чыгарып жаткан азыктар эл аралык аккредитациядан өткөн.   


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер