Элчибек Жантаев бийлигин орун басары Курбанбек Айтибаевге тарттырып жибердиби?

Жетекчи алсыз болсо, позициясын, дээрлик кыла турган жумушун орун басарына алдырып коёт эмеспи. Анын сыңарындай, Ош облусунун губернатору Элчибек Жантаев башкаруусун жогото баштаганын кабарлашты. Буга чейин деле элдир-селдир келгени жашыруун эмес. Милдетин начар аткарганы баалана калчу. А азырчы? Орун басары Курбанбек Айтибаев бүтүндөй облусту, акимдерди жана тийешелүү жетекчиликтерди өзүнө имерип, негизги рычагды колго алып койгону каңкууланды. Уюштуруу иштерин, негизги саясатты да дал ушул “серый кардинал” жүргүзөт экен. Элчибек Жантаевдин губернатор гана аты болбосо, жөн эле жүрөбү? Мына, ротация шылтоосу менен түндүктөн Ош облусун жетектегени барды эле, натыйжасын көргөн жокпуз да. Бийлигин Курбанбек Айтибаевге алдырып коюп, мостоюп отуруп калганы кандай? Андай эле Элчибек Ошко керек болуп атса, жогорку жетекчилик акыл пештеп, экөөнүн ордун алмаштырып эле койсо...
"Азия Ньюс" гезити