Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Парламенттин тарашы жана жаңы шайлоо тууралуу кандай пикирдесиз?

Парламенттин тарашы жана жаңы шайлоо тууралуу кандай пикирдесиз?

18-сентябрь, 20:57
638 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- 32 депутат макулдугун бергенден кийин парламенттин тарашы жана жаңы шайлоо тууралуу талкуулар жүрүүдө. Сиз бул кырдаалга кандай көз караштасыз?


Кыяз Молдокасымов, тарыхчы:

-- Эми шарт, кырдаал ушундай болуп, келерки жылы кош шайлоо болуп жаткандан улам депутаттар туура кабыл алып, ушул кадамга барууда. Быйыл парламенттик, келерки жылы президенттик шайлоону жакшылап өткөрүп, өлкөбүз өтө тездик менен өнүгүү жолун улантуусу зарыл. Азыр талаш-тартыштын, кайым айтыштын учуру эмес. Тынчтык, туруктуулук, ынтымак түнөк алган учурда өнүгүү болорун көрүп жатпайбызбы.


Расул Умбеталиев, эксперт:

-- Депутаттар элдин ишенимине ээ болушуп, беш жылдык мөөнөткө шайланышкан. Бирок азыр алардын ыйгарым укуктарын бир жылга кыскартуу маселеси көтөрүлүүдө. Чынында бул маселе эки жыл мурда эле талкууланып, ага ылайык шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген.

Жалпы депутаттар бул демилгени колдоп жатышат. Анткени, келерки жылы Жогорку Кеңеш жана президенттик шайлоо бир убакта өтсө, саясый кырдаал чыңалып кетиши мүмкүн. Ошондой эле шайлоочулар Жогорку Кеңештин депутаттарына ишеним көрсөтпөй калышы ыктымал, ал эми бул өз кезегинде парламенттин аброюна терс таасир тийгизбей койбойт.


Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

-- Парламенттин тарашы – бул Конституцияда каралган мыйзамдуу жол. 32 депутат макулдугун бергени коомдо саясый жаңыланууга муктаждык бар экенин көрсөтөт. Эми эң башкысыжаңы шайлоо таза, ачык жана адилеттүү өтүп, жарандардын ишенимин кайтарышы зарыл. Бул процессте коомдук көзөмөл жана ар тараптуу талкуу өтө маанилүү.


Максат Казакбаев, жарандык активист:

-- “Жогорку Кеңеш мөөнөтүнөн мурда тарайт” деген аңыз кептер алдын ала коомчулукта күбүр-шыбыр болуп эле келген, бирок кечээ 70% депутаттардын өздөрү кол топтоп, “тарайбыз” деп чыкканы элге таңкалычтуу көрүнүш болду. Шайлоо мыйзамында бул тура эмес. Жогорку Кеңеш өзү мыйзам бузбай, мөөнөтүнүн бир күнүнө чейин отуруп бериши керек эле. Эми тараса-тарабаса да бүгүнкү Жогорку Кеңеш элге кызыксыз, кадыры дагы да төмөндөдү. Таркашсын. Эми эртеңки шайлоодо ушул 30 депутаттын аты-жөнүн эске алып, жаңы, татыктуу жүздөрдү тандап алуубуз – чоң милдет.  

 "Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер