Апсамат Сатыбаев: “Биз бийликтин көзөмөлүнө каршы эмеспиз”

-- “Ихсан” кооперативинин иштеринен кийин элдин кооперативдерден көңүлү кайтып турганда, силер кандай өзгөчөлүктөр менен эл ишенимине ээ болуп жатасыңар?
-- Биздин кооператив “Ислам каржы кооперативи” деп аталат. Иш алып барып жатканыбызга алты ай болду. 400дөн ашык адам мүчө болуп кирди. 40тай адам турак жай, автоунаа алып, кредитин жапты. Башка кооперативдерден айырмабыз – бизде биринчиден, “Ислам өнүктүрүү фонду” деген каржылай турган инвесторлорубуз бар. Ошол инвесторлорубуз менен айырмаланабыз. “Башкалардан айырмабыз асман менен жердей” деп айта кетсем эч жаңылышпайм. Анын бирден-бир себеби, инвесторубуз бар, мөөнөттөрүбүз узак. Үчүнчүдөн, каникул беребиз. Төртүнчүдөн, өтө көп документтер талап кылынбайт. Бешинчиден, алдын ала деле алып бере алабыз. Алтынчыдан, адамдын артынан кезекке койбой, мөөнөткө коёбуз. Эми деле беш жүзүнчү же алты жүзүнчү болуп катталган адамдар эч өкүнбөйт. Себеби, алардын мөөнөтү ачык-айкын. Социалдык баракчаларыбызда баарын жарыялап жатабыз.
Албетте, башка кооперативдердин алып барып жаткан иштери бизге зыянын тийгизбей койгон жок. Көп суроолорду жаратууда. Бирок биз колубуздан келген маалыматтарды берип жатабыз. Башка кооперативдерде маселе жаралып жатса, бизде көйгөй жок. Баары мыйзам чегинде. Сайтыбызда баардык керектүү маалыматтар тиркелген. Кардар менен бетме-бет сүйлөшкөндө, жүрөгүндөгү шек саноолор, бүдөмүк ойлор жок болуп кетүүдө.
-- Жогорку Кеңеш депутаттары тарабынан кооперативдер тууралуу жаңы мыйзамы чыгары да айтылууда?
-- Мамлекет башчыларынан, өкмөт чиновниктеринен, депутаттардан аябай үмүттөнүп, элдин жашоосун жеңилдеткен мыйзамдарды жазат деп күтөбүз. Бийлик элге иштесе, биз ал мыйзамды так, даана аткарабыз. Жакшы үмүт ошолордо. Бийликтин көзөмөлүнө каршы эмеспиз. Баардык иштерибиз ачык-айкын, таза. Кардарлардын тилектерин орундатканга колдон келген күчүбүздү жумшайбыз.
Жамиля Нурманбетова
"Азия Ньюс" гезити