Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Үстөмдүктү Төрөбаев колго алды. Сулайманов каршы чыкса абал курчуйбу?

Үстөмдүктү Төрөбаев колго алды. Сулайманов каршы чыкса абал курчуйбу?

08-январь, 09:31
1 887 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Шайлоодо 1-орун алган “Ата Журт Кыргызстан” партиясы спикерди өздөрүнөн шайлоого жетише албай, ызасы ичтеринде калып, бирок көмүскөдөн парламентти башкарууга өтүшкөндөй. Бул жагын Бакыт Төрөбаев көзөмөлгө алганын эшиттик. Бир мандаттуу округдардан шайланып келген депутаттардын жарымынан көбү “Ата Журт Кыргызстан” фракциясына өтө башташкан, балким “сыйкырдуу кысым” жаралса ары жагын элестете албайбыз... Жогорку Кеңештин көшөгө артындагы интригасы бийликтин ички абалын чыңалтып, кандайдыр бир деңгээлде ажырымга алып барышы ыктымал. Азырынча тирешүүлөр ачыкка чыкпай, “быкшып” жаткандай сезилүүдө. Улам күн өткөн сайын көзүбүз ачыла баштайт эмеспи. Кичине убакыт керек. Кандай болгон күндө да, “Ата Журт Кыргызстан” фракциясы таасирин арттыруу үчүн күч топтойт, моюн толгогон депутаттарды ийге келтирүү аракеттери жүрөт. Дал ушундай үстөмдүктүн башында Бакыт Төрөбаев турары каңкууланды. Мындай тымызын зордук-зомбулукка “Альянстын” атаманы Алтынбек Сулайманов каршылык көрсөтөрү, бийликтин чеңгелине моюн бербеси байкалып калыптыр. Эмесе, эки тараптын кагылышуусу жакында курчуйбу? Эгерде Алтыке катуу кете берсе, камакка алуу ишарасы ишке ашабы? Анда коркуп калабы же? Айтор, кырдаал чыңалчудай... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер