Бишкекке жылуулук ноябрда берилет


“Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө качан жылуулук берилет?” деген шаардыктар бала бакчаларда, ооруканаларда, мектептерде абанын температурасы эртели-кеч муздап жатканын айтып, социалдык желелерге бир топ кайрылууларды жазышкан эле.
Кечээ, демалыш күндөрү Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов вице-мэрлер менен биргеликте борбордогу мектептин, бала бакчалардын жетекчилери менен жолугуп, класстагы, бөлмөлөрдөгү абанын температурасын тактады.
Бүгүн күз-кыш мезгилдерине өткөрүү боюнча штабдын жыйыны болуп, 1-ноябрдан тарта жылуулук берүү болжолдонууда.
Адегенде жылуулук социалдык объектилерге, андан соң шаардын жашоочуларына берилет.
Ал эми синоптиктердин айтымында, 28-29-30-октябрларда аба ырайы кескин төмөндөп, тоолуу райондорго кар жаап, түнкүсүн -3 градуска чейин төмөндөйт.
Жылуулук берүүдө ар кандай маселе жаралып калса, төмөнкү телефондорго чалсаңыздар болот:
:(0312) 21-28-47, (0312) 212844, WhatsApp: 0500 287070.
Эскерте кетсек, Бишкек шаарында жылуулук өткөн 2018-жылы 18-октябрда берилген.