Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Президент Жээнбековдун жакшы ойлорун күч органдары бузуп салышты”

“Президент Жээнбековдун жакшы ойлорун күч органдары бузуп салышты”

28-август, 11:13
542 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Коррупцияга, кылмыш дүйнөсүнө каршы күрөш басаңдап калганы ачык байкалууда. Кадр саясатын оңдоп, күч органдарынын жетекчилерин алмаштырууга мезгил келдиби?” дедик. Сурамжылоонун маңызы терең болду. Эксперттер окурмандарга түшүнүктүү болушу үчүн жалпак тил менен жооп бергенге аракет кылышты.

Динара Ошурахунова, укук коргоочу:

-- Кадр саясатын оңдоп, күч органдарынын жетекчилерин алмаштырууга кезек келди. Бирок, жетекчини алмаштыруу менен эң негизгиси ичиндеги система оңолбойт. Мына ошого көңүл буруш керек. Кайсы гана жетекчи келбесин, “реформа жасайм” деген изги тилеги бузук системанын айынан таш каап атат. Жалгыз, командасы жок болгондон кийин эч нерсени өзгөртө албайт. Балким өзүнүн позициясын айтат, дейт. Анткен менен ага чейинки түзүлүп калган коррупцияга каршы тура албай калат. Мына ушул мен айтып аткан системаны өзгөртүүгө эбак эле мезгил келген. 2010-жылы Башмыйзамга өзгөртүү киргизилип, бирок ал жердеги парламенттик система ушу күнгө чейин иштей элек. Саясый партиялар парламентке келгенде дагы өзүнүн өкмөттү түзгөн позициялары бекем эмес. Негизинен парламентарийлер эң ириде мандат алганга максат коюшат. Чындап эле тың, элге иштей турган өкмөттү түзүп, буга чейинки мүчүлүштүктөрдү оңдогонго күчтөрү, дармандары жетпей жатат. Ар бир саясый партия сүйлөшүп алып, ар кайсы министрликке талапкерлерин коёт. Бирок, алар жакшы программаны максат коюшпайт. Ушундан улам коррупцияга, кылмыш дүйнөсүнө күрөш тийешелүү деңгээлде жүрбөй жатат.

Асанбек Алымкожоев, куралдуу күчтөрдүн башкы штабынын мурунку жетекчиси:

-- Кыргызстан эгемендүү болгондон бери коррупция менен күрөшүп келатат. Өлкө башына келген ар бир президент “коррупция менен күрөшөбүз” дейт. Коррупция менен күрөш эң жогорку эшелондон башталышы керек. Жетекчи өзү таза болсо, анын кол алдындагылар, башка кызматчылары андай ишке бара албайт. Оруста бир кеп бар, “Балык башынан сасыйт” деген. Бул бизге ачык мисал болуп атат. Бизде кадр саясаты кылдаттык менен жүргүзүлбөй атканы айдан ачык. Албетте, ар бир өлкө башчы тактыга келери менен баардыгынын башын кыя чаап, алардын ордуна жаңы кадрды коё салсын (!) дегенден алысмын. Өсүп жетишкен, өз ишин билген, жоопкерчиликти жонтериси менен сезген киши болуш керек. Азыр капыстан, десант сымал парашюттан түшүп калган адамдар көбөйүп атпайбы. Андайлар күнүмдүк оокатын өткөзөт. Билет, эртең болбосо кийинки күнү жок болуп каларын. Ошон үчүн тезирээк өзүнө тийешелүү оокатын топтоп алып кете берет. Кеткен күндө да эч нерсеге жооп бербейт. Миллиондогон акчалардын арты менен шектелгендердин аягы эмне болгонун эл билбей калып атат. Ошол эле учурда бирөөнү “тоок уурдады” деп кармап алат да, түрмөгө отургузуп коёт. А чоңдор кармалбай, тиякта, быякта качып жүрүшөт. Аягында бир төңкөрүштөн кийин активист болуп, же депутаттык мандатка жөнөйт. Мен ылдыйкы эшелондогу жетекчилерди, бир ротанын же взводдун командирин айткан жокмун, жогорку башчыларды айтып атам. Эгемендик алгандан бери отуздай өкмөт башчы алмашты. Кетип атканда бирөөсү да “муну кылдым, тигини кыла албадым” деп себебин айтып, отчет беришкен эмес. Жоопкерчилик жок!

Төлөйкан Исмаилова, укук коргоочу:

-- Пандемия сабактары ачык көрсөтүп койду. Бийликтегилерди, бөтөнчө укук коргоо органдарын. Алар элди басмырлап, биздин блогер журналисттерибиз милициянын, дарыгерлердин иштей албай атканына сын пикир айтканда, чекисттер жана милиция аларга зөөкүрлүк менен мамиле кылышты. Бул боюнча президент Жээнбеков жакшы эле ойлорун айтып жүрөт. Тилекке каршы, өкмөт, анын ичинде күч органдары эл менен ийкемдүү иштегенге жөндөмдөрү жок экенин билгизишти. Ал эми өкмөттүн жүргүзүп жаткан кадр саясаты чабал, ынанымдуу эмес. Эртең кеч болуп калат, бүгүн реформа жасаш керек. 

Учурда элибизде жакырчылык көбөйдү. Буга баягы эле электоральная коррупция, саясый, административдик коррупциялар себеп болууда. “Баардык жерде, анын ичинде БШКда, күч органдарында реформа кылыш керек” деп 2010-жылы эле айткан болчумун. Азыр да айтам. Жаштарга орун бериш керек. Бизде андайлар жок эмес. Керек болсо 30 миңден ашуун мигранттар келди. Алардын ичинде акылы толук, зирек ойлуу, улут үчүн, мамлекет үчүн жан аябай иштей тургандар бар. Биздин милиция, чекисттер “каралар” менен коюн-колтук аралашып кетти. Ушул жагы да абдан кооптуу. Ошондуктан биринчи кезекте реформа керек болуп турат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер