Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Эми мурдакыдай көз боёмочулук кыла алышпайт”

-- Марлен мырза, сиздин «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө Кыргыз Республикасынын кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбооруңуз комитетте биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Жөнөкөй кылып түшүндүрүп берсеңиз, бул мыйзам бизге эмне берет?
-- Биз көп жылдан бери мамлекеттик мүлктөрдү жакшы иштете албай келатабыз. Албетте, “эмне үчүн?” деген суроо жаралат. Эмне үчүн шаардын так ортосунда бир чарчы метр аянт жеке менчик кишилер тарабынан 20 долларга чейин берилсе, мамлекеттик имараттар 100 сомго чейин берилет? Себеби, коррупциянын айынан мамлекетке 100 сом төлөп, калган акчалар жеке чөнтөктөргө кетчү. Ошондуктан, биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча чоң мыйзамды кабыл алып бердик, бул жагы жакшы эле жүрүүдө. “Жоопкерчиликти ошол мекеменин жетекчисине толук өткөзүп берели, ижара акысынын 30 пайызын бюджетке, 70 пайызын өзүнө түшүрүп, шартын жакшыртсын. Башы менен жооп берсин. Иштей албаса кетсин, уурдаса камалсын” деп сунуштап жатабыз. Кыскача айтканда, бул биздин мамлекеттик мүлктөрдүн кайра жаңылануусун камсыздай турган мыйзам.
-- Эсиңиздеби, алтынчы чакырылышта бир мейманкана тууралуу аябай чоң талкуу болгон. Сиз айткандай, шаардын чок ортосундагы мейманкана бюджетке тыйын эле төлөчү экен...
-- Ооба, астында жайгашкан кафе киреше алып келет дагы, үстүндөгү мейманкана такай эле банкрот. Анткени, акча жалпы казынага түшөт эле. Анан булар кызыкдар эмес да. Келишимди төмөн көрсөтүп коюп, калганын чөнтөккө салышчу. Эми толук өздөрүнө берилген соң жоопкерчилик артып, мурдагыдай көз боёмочулук кыла алышпайт. Кудай буюрса, долбоор комитеттен өтүп, эми бүгүн жалпы жыйында каралат.
"Азия Ньюс" гезити