Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Советбек Байгазиев: “Айкөлдүк – кыргыз жандүйнөсүнүн туу чокусу!”

Советбек Байгазиев: “Айкөлдүк – кыргыз жандүйнөсүнүн туу чокусу!”

09-декабрь, 21:54
705 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Улуу “Манас” эпосунун асыл нарктары

(“Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун контекстинде)

XI. Айкөлдүк – кыргыз жандүйнөсүнүн туу чокусу!


1

«Манаста» маңызы терең, мазмуну кенен рухий-адеп-ахлактык баалуулуктар арбын. Ошолордун бийиги жана асылы-айкөлдүк сапат. Эмесе, сөз башынан болсун. 

Айдоого тукум сээп жатканда кыргыздын Баба дыйкан карыясы мындай деп тилек кылып үрөн чачат: «Жылуу жерден конуш тап. Мунусу – жетим-жесирге, мунусу – алсыз карыпка, мунусу – курт-кумурскага, мунусу – сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага». Бул гумандуу ажайып сөздөр жана адамдык  жүрүм-турум кыргыздын адеп-ахлагы үчүн кандайдыр бир символикалуу дегибиз келет. Мына, жалпынын мүдөөсүн, бакыбатын, а түгүл курт-кумурсканын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу гуманисттик, адамгерчиликтүү, боорукер, жамаатчыл, күйүмдүү этикасы. «Манастагы» айтылуу Бос талаада аксакал дыйкан адам менен өнөктөшүп, дыйканчылык кылып, кырманга кызылды тоодой кылып үйгөн баатыр Манас да, мындай деп ичинен кобурап сүйлөп турат: «Ушул тоодой буудайды, бакыр менен мискинге, баарын төгүп беремин!» Баба дыйкандай башкаларга жарыгын чачып, жакшылык кылуу адеп-ахлагы Манас атанын да рух сапаты. Дал ушундай айкөл гуманисттик моралдык маданият тээ илгертен бери карай келе жаткан кыргыздын жандүйнө касиети. 

Мына ошентип, башкаларга агынан жарылып ачылып, жакшылык кылуу айкөлдүгү, жоомарттык, берешендик кыргыздын рух маданиятында эң жогорку асыл-нарк катары санала келген жана андай моралдык касиетке эгедер адам эл ичинде жана ыр-дастандарда аңыз болуп айтылып, даңазаланган. Ошол эле «Манас» эпосунда Манас баатыр менен Кошой дөөнүн эр сайыштарда жана балбан күрөштөрдө алган байгелерин өздөрү албай, айланадагы жарды-жалчыларга, жетим-жесирлерге, кардар кишилерге таратып берген жоомарттыктары эпосто манасчылар тарабынан бийик добуш менен ырга салынган. 

Эпосто атактуу бай Көкөтөй о дүйнөгө көчөөр алдында Байдын уулу Баймырзага:

«Менин көзүм өткөн соң, баатыр,

Жөө бир жүргөн жакырга-ай,

Чобур бир кармап бере көр, баатыр.

Жылаңач жүргөн жакырга-ай,

Чапан бир чечип бере көр, баатыр.

Тел козудай жагызып,

Айраның суудай агызып.

Мына тентигендин баарысын,

Жакшы күтүп ала көр, баатыр», 

деп керээзин айтып суранат (Ч.Валиханов жазып алган вариант). Бул керээз сөз Көкөтөй байдын жоомарт боорукер, адамгерчиликтүү жандүйнөсүн айгинилөө менен дегеле, кыргыздын руханиятынын гуманизмине дагы да күбө өтүп турат. Кыргыз ичинде Манас бабабыздын руханий марттык касиети уланып турган. Белгилүү окумуштуу, кытайлык боорлошубуз Макелек Өмүрбай кыргыз социумунун өзгөчөлүгү эмнеде (?) деген собол коюп, ага мындайча жооп берет: «Кыргыздын түсү эмнеде? Кыргыздын түсү, кыргыздын өңү – адамгерчилик. Кыргыз адамгерчилигинин ыңгайлары: өз ара көмөктөшүү, өз ара кайрылышуу, боорукерлик, сыйлашуу, меймандостук болгон. Кыргыз бирөө келип калса уят деп, ала каптын ичиндеги унга бир жилик этин салып, сактап койгон» («Алиби» газетасы 29.05.2013). Ушундай сапат – касиет жагынан кечээги өткөн заманда айтылуу Жантай хандын уулу атактуу Шабдандын бөтөнчө айырмалангандыгы калк арасында аңгеме-жомок болуп айтылып келе жаткандыгы маалым. Кеминдик белгилүү инсан Абдрасул Осмонов: «Шабдан баатырдын берешендиги, мээримдүүлүгү бүтүндөй түрк элине, ал түгүл орус калкына жаккан», - деп жазса, Шабданды көрүп, ага замандаш болгон алгачкы абройлуу тарыхчыбыз Осмонаалы Сыдык уулунун мындай деп эскергени бар: «Баатыр болжолсуз жоомарт болгон. Дүнүйөнү күнүгө канча бир адамга төгүп-чачып турган. Күнүнө нечен миң сом колуна келсе, он тыйыны калбастан, ошол замат калкка таратып берип турар эле жана ошончолук көп мал күнүгө күтүрөп ордуна толуп да турар эле, кетип да турар эле. Жол жүрүп келе жатканда, алдынан бир муктаж адам же дубана чыкса, минген аты аргымак болсун, карабастан түшүп берер эле» (китепте: Шабдан баатыр, - Бишкек, 1992, 75-бет).


2

Манастын кырк чорого кандайча аталык камкордук көргөндүгүн, кандайча жакшылык жасагандыгын кырктын башы Кыргыл чал мындайча моюнга алат:

Атсыз келдик бир чоро;

Атсыз келген чорого 

Аркар аяк, жез билек 

Атты Манас мингизди. 

Тонсуз келген чорого 

Тон мыктысын кийгизди. 

Катынсыз келген чорого

Оймок ооз, бото көз, 

Кылактаган сулууну 

Алып берди зор Манас.

Үйсүз келдик бир чоро;

Үйсүз келген чорого

Керегенин кашаты

Темир менен тээктүү,

Жабык башы саймалуу,

Алты эли кундуз жээктүү,

Боо-чуусунун баарысын

Чылк жибектен чалдырган, 

Борумдап ордо салдырган 

Ордо берди шер Манас.

Малсыз келдик бир чоро;

Малсыз келген чорого

Адырда жылкы ала баш,

Аргымык, буудан аралаш, 

Бөлүп берди шер Манас. 

Үзүлгөндү улады, 

Чачылганды жыйнады. 

Өчкөн отту тамызды, 

Өлгөндөрдү тиргизди.

Берен Манас көкжалдын 

Этегин кармап эр болдук, 

Эр уулу менен тең болдук.

Кыргыл чалдын бул чын жүрөктөн чыккан сөздөрүнөн Манастын чынында эле жолдоштору үчүн эч нерсе аябаган, чоролорум дегенде ичкен ашын жерге койгон, камкорчул, күйүмдүү, берешен экендиги айкындалып турат. Эпосто ал бекеринен «Телегейи тең эле, ичин карап отурса, жер жүзүнөн кең эле, сайып буруш эр эле, кеңдиги чалкар көл эле» деп мүнөздөлгөн эмес.

Биринчи көргөн, өзү тааныбаган кытайлык Алмамбетке Манас айланасындагылардын оозун ачырып, өзүнүн Аккуласы менен Аккелтесин, Аккүбө тонун жана Ачалбарс кылычын тартуулап, ченде жок жоомарттыгын көрсөтөт. «Жоругун адам билбеген, жоомарт эрдин бири ушул» деп Ажыбай чечен бекер айткан эмес экен.


3

Манаска толугураак баа бериш үчүн дагы бир нерсеге токтоло өтөлү. Манас атабыздын жандүйнөсүнүн кенендиги жөнүндө айтылып келди. Бирок шер Манастын өзүнүн элдешкис жоосуна да, душманына да кээде кенендик, айкөлдүк кыла билгендиги сүйлөнө элек. Ал эми душманга адилеттик кыла билүү, жоокер инсанда сейрек кездешчү сапат. Маселен, Алтайда жаткан кезде тентиген буруттарды жер менен жексен кылам деп жер жайнаган кытайдын колу дөө-шаалар менен каптап келет. Ошондо жекеме-жеке чыкканда, жаш Манас калмагым каалаганыңдай болсун деп, Жолой дөөгө кезекти биринчи берет

Аябай найза сай Жолой,

Баардык күчүң сал Жолой, - деп жоого төш тосуп, туруп берет. Жаш Манастын кенендиги таңгалдырат.

«Көкөтөйдүн ашындагы» чоң сайышта да “Кытайдын каны ал болсо, кыргыздын каны мен элем, өчөгүшкөн жоо болсо да, өз жеримде кезекти биринчи алганым болбос, жол берейин деп Коңурбайга кезекти биринчи берет. Баатырлар алтымыш найза сынганча аябай кармашып, акыры Коңурбай тоо кулаган эмедей, Алгаранын үстүнөн учуп түшөт. Кыргызга түбү акыр заман сала турган Коңурбайды дагы да биротоло талкалай сайып, тындым кылып, Алгараны олжолоп кетиш керек эле. Манастап ураан чакырып, кудайлап турган эл да ушуну тилеп турган. Бирок алдында жүгүнүп турган кан Коңурбайга, буркурап ыйлап турган манжуунун калкына Манас кенендик, акыйкаттык кылып, сайышкан жоосун тирүү калтырат: 

«Баатыр эле Коңурбай, 

Атын алып нетейин. 

Атын тартып алганда, 

Не муратка жетейин.

Андан көрө бу жерде,

Өзүнө берип кетейин», - деп, Манас баатыр колуна тийген Алгараны кайра жетелеп барып, чылбырын кан Коңурга ыргытып кетет. “Арстан алганына эмес, чалганына кубанат” деген ушул болсо керек. Арстан Манас элдин да, өзүнүн баатырдык ар намысын да ойлоп, хандык наркын сактап, аштын алкагынан чыгып, алыска көз жиберип, өз конушумда мейман-жоону кыйратып, илгери-кийин сөзгө калбайын, аман болсок согуш талаасынан кездешербиз, ошондо тагдырдын салганын көрөрбүз деп, өзүнүн Таластын Кең-Колундай кеңдигин көрсөтүп отурат.


4

Манас кытайлык баскынчы Алооке ханды жеңип, Орто Азия аймагын бошоткондон кийин жалпы түрк хандыктарынын башчылары Анжияндагы Кум-Арык деген жерге (С.Каралаевдин варианты боюнча) чогулушат. Ошол жерде Манас, Алоокенин түрк элдеринен тоноп алган сан жеткис дүнүйө-мүлкүн, алтын-күмүш дилдесин түрк-мусулман хандыктарына кайтарып, бөлүштүрүп берет. Элден тонолуп алынган дүнүйөнү кайра элге кайтарып бериш керек. Ушул жерден Манастын айкөлдүгү, акыйкатчылдыгы, адилеттүүлүгү, өзүм жулайын, алайын, өзүм туйтунайын деген ач көз дүнүйөкорлуктан алыс турган руханий бийиктигине баа бербей койбойбуз.

Кыскасын айтканда, эпосто сүрөттөлгөндөй, Манас «көзү тоонун буткулдай, көрүнгөндү жуткудай, ажыдаар болсо туткудай, мурду тоонун сеңирдей, айбаты албарс темирдей» балбан, баатыр, дөө-шаа гана эмес, ички жандүйнөсү да аруу, сулуу, сергек, түшүнүк-көз караштары алысты чапчыган, океандай чалкыган ажайып инсан-каарман. Ошон үчүн ал эпосто:

Алтын менен күмүштүн, 

Ширөөсүнөн бүткөндөй. 

Асман менен жериңдин, 

Тирөөсүнөн бүткөндөй. 

Айың менен күнүңдүң, 

Бир өзүнөн бүткөндөй. 

Ай алдында дайранын, 

Толкунунан бүткөндөй. 

Абадагы булуттун, 

Салкынынан бүткөндөй.

Асмандагы ай-күндүн,

Жаркынынан бүткөндөй, - деп мүнөздөлүп жатат.

Бул керемет классикалык саптарда Манас баатырдын ички руханий сулуулугу каймана түрдө келиштире сыпатталган. Ырасында эле, караңызчы, бул жерде айкөл Манастын рухий сын-сыпаты, мүнөзү, сапат-касиети кандай гана кылдат боектор, кандай укмуштуу чебер сөз аспаптары жана ой гүлдөрү менен берилген.

Манас ата эпосто төмөнкүнү насыяттайт:

Кебиме кулак каккыла, 

Калкыңы жакшы баккыла.

Жесирге саан уй берип,

Сагырды издеп тапкыла, 

Сүйүнтүп чөккөн көңүлүн 

Минерине тай бергин.

Карыган карып кезиксе 

Каралашып май бергин.

Жолоочу, мискин, мусапыр 

Жолукса кенен жай бергин.

Бул саптар Айкөл Манастын жандүйнөсүнүн дагы бир кырын мүнөздөп, анын баатыр болгондо да, боорукер баатыр экендигин көрсөтүп, эпосубуздун башкы каарманынын кыргыз үчүн гана эмес, жалпы адамзат үчүн өрнөк экендигин айгинелеп турат.

Эзелки замандардан бери карай жашап келе жаткан кыргыздын мындай адептик-ыймандык нарк-насили керек болсо, Куран менен Библиянын негизинде жата турган улуу дөөлөт десек жаңылышпайбыз. 


5

Азыр философтор адамдан адамдын жоголуп бараткандыгы жөнүндө тынчсызданып жазып жатышат. Ал эми кишини киши кылып турган, адамды адам катары мүнөздөп турган касиет, көрпендени, мындайча айтканда, нурпенденин деңгээлине көтөрүп турган бирден бир көрсөткүч – бул жоомарттык сапат, жандүйнөнүн берешендиги, гумандуулугу. Дал ушундай адамды адам кылып, ичтен тиреп көтөрүп турган фундаменталдык рухий-моралдык касиет кыргыз менталитетинин асылкеч жактарына күбө өтүп турат. Эгерде дүйнө жүзүндөгү баардык пенделер ушундай гумандуу этиканы тутунуп жашай турган болсо, анда жанагы философтор чылап бүгүн адамдан адамдын жоголуп бараткандыгы жөнүндө эмес, тескерисинче, адам жамааттарынын рух ден соолугунун, дил соолугунун мыктылыгы тууралуу кеп кылып турбайт белек.    

Бүгүнкү күндө капиталистик-рыноктук, акча-товар мамилелеринин шартында адамзаттын авангарды катары аталган кыйла өлкөлөр, тилекке каршы, жеке менчик психологиянын чыргасына тутулуп, жамаатчыл, коомчул, көпчүлүкчүл агыл-төгүл жоомарт менталитеттен улам алыстап, жеке кызыкчылыкты туу кылып, индивидуализимдин жана технократизмдин кучагына улам күчтүрөөк жутулууда.   

Цивилизация жана глобалдашуу али чындап бүлүндүрө элек Кыргызстанда, ак карлуу Ала-Тообузда тилеке жараша жогорудагы Баба дыйкандын жана Манас атанын айланага жарыгын чачкан берешен жаркын моралы жана руханий жоомартыгы али жалыны өчпөй «жүрөк кагып» турганына кудайга шүгүр. Кыргыз уул-кыздарынын элден аянбаган марттыгы айрыкча, пандемия учурунда жана Баткен окуяларында ачык көрүндү. Манастын бүгүнкү бир чүрпөсү – мектеп окуучусу социологиялык сурамжылоого берген жообунда минтип жазат: «Мен бай болуп, кедей-кембагалдарга жардам берүүнү каалар элем» («Кутбилим», 13.12.08). 

Муундарыбызды ушундайча ойлонуу образына тарбиялай алсак, анда өлкөбүздүн  келечеги кең болот. «Бүгүн көргөн эртең жок, ушундай экен дүйнө бок, дүнүйөң жерге кирсин, алтыныңды басып жатканда башыңа мүйүз чыкмак беле, көр оокатыңды тиги дүйнөгө ала кетмек белең, бу жарыкка жылаңач келгенсиң, кайра жылаңач кетесиң. Акылың болсо, колуңда барыңды элге чач. Биринчи эл аман болсун. Ал эми элдүү түлкү ачка өлбөс» деп ой жүгүрткөн көчмөн кыргыз. Бул акылмандык эмей эмне? Деги, Айкөлдүк деген эмне? Сыртынан караганда эле «Ай» жана «Көл» деген эки сөздүн айкалышы көп нерсени туйгузуп, ишаралап турат. Айкөл деген – бул акыл-эстин көктөгү айдай бийиктиги, жаркындыгы, жандүйнөнүн көлдөй чалкыган кенендиги деп түшүнсөк. Ал – ички асылдык, сулуулук. («Жер жүзүнөн кең эле, кеңдиги чалкар көл эле»). Айкөлдүк – тар алкакка камалбаган, догмаларга тушалбаган, ааламга эркин чабыттаган, күнүмдүктөн жогору туруп, алысты чапчыган, даанышман ойлом менен суусаган жүктөрдүн чөлдөрүнө ак жамгыр болуп төгүлгөн асыл рухтун жуурулушкан гармониясы. Гуммандуулук, адилеттүүлүк, боорукерлик, жандүйнөнүн марттыгы, башкалар үчүн нур болуп төгүлүү, пейилдин кеңдиги – Айкөлдүктүн ички касиеттери. Ушундай сапат-касиеттери үчүн Манас атабыз «Айкөл» деп аталган. Манас – кылымдарды карыткан кыргыз элинин рухун көтөрүп жүргөн улук каарман. Цивилизациянын кымгуут жолунда айкөлдүгүбүздү жоготуп албайлы, о мекендештер! Айкөлдүк – кыргыз жандүйнөсүнүн туу чокусу! Манас атабыз биз менен!

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер