Акыркы кабарлар
» Коом » Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Тоо жүрүшкө дүйнө жүзүндө кызыккан адамдар миллиондоп саналат”
Марлен Маматалиев, ЖК депутаты: “Тоо жүрүшкө дүйнө жүзүндө кызыккан адамдар миллиондоп саналат”
03-июнь, 17:06

-- Жай айлары туризмге көңүл бурдура турган өзгөчө мезгил эмеспи. Биздин өлкөбүздө тоо туризмин өнүктүрүүгө канчалык мүмкүнчүлүгүбүз бар?
-- Мамлекетибиз 94% тоо болгонго байланыштуу биз өзүбүздүн мындай шартыбызды колдонууга абзелбиз. Тоо жүрүшкө дүйнө жүзүндө кызыккан адамдар миллиондоп саналат жана ошондой ар тармактуу спорт жаатында да тоолордо өтө турган турнирлер көп. Ошолордун баары биздин өлкөбүздө өтө турган шарттарды өкмөт түзүп бериш керек. Ал эми эс алууга жалпы эле жараталыш жагы – бул өзүнчө чоң бөлүк, албетте, муну эл да, өкмөт да үйрөнүп калды. Эми болгону шарттарды түзүп, сервисти, инфраструктураны жакшыртып жана ушундай туризмдерди көбөйтүү зарыл.
"Азия Ньюс" гезити