Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Замирбек Базарбеков коррупцияга малындыбы?..

Замирбек Базарбеков коррупцияга малындыбы?..

04-март, 19:30
519 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков эч кандай реформа жасай алган жок. Оозун куу чөп менен аарчып, жомок айтып отурат. Ал эми соттор арасында коррупция баштагыдан да күчөп, илингенин УКМК чекесинен кармап, бирок жалпы тартипти көзөмөлдөөгө жетишпей атканын кантебиз? Адам укуктары басмырланып, акыйкат тебеленип, кедеринен кеткени талкууга алынууда. Соттор мурдагыдан да аша чаап кетишти, инфляцияга жараша “жашылбай” ставкалары да көтөрүлдү го? Асыресе, колунда бар, байлар жаза тайса камактан оңой эле чыгып кетишет, баягы эле жардылар майда-барат кылмыштары менен түрмөлөрдү толтурууда. Айтор, кейиштүү абал түзүлүп калды. Замирбек Базарбеков “күңк-мыңк” этип, системаны оңдоо боюнча жарытылуу ой-пикир да айта албайт экен. Кыскасы, коррупция төрүнө чыгып, малынган кербезиби? Жеке өзү байып жаткандыр, бирок карапайым эл эзилип кетти. “Укмуштуунун төө кушу жорго” деген жаңы лакап чыкчудай... 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер