Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тамила Маматова таланттуу, жогорку деңгээлдеги скульптор экен

Тамила Маматова таланттуу, жогорку деңгээлдеги скульптор экен

14-август, 21:09
806 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

(Тамила Маматовага!)

Айкөл Манастын айкели элибиз ичинде чоң талкууну жаратты. Бош жаткан адамдар сынчыл болот эмеспи. Көбүнчө жамандагандарды соцтармактан окуп жаттым. Өкүнүчтүү. Балким майда кемчиликтер кеткендир, бирок жалпысынан Тамила айымдын эмгегине жогору баа берем. Эркектер намыска жарабаса, анан кантебиз? Ала-Тоо аянтындагы Манастын эстелиги өзүбүздүн бийлигибизге, элибизге жараша тургузулду. Балким кийин оңолуп, өзгөрүүлөр жаралса, ал жагын да убагында көрөлү. Азырынча Тамила Маматованын эмгегине ыраазы болуп, колдоп коёлу. Өтө деле өөн учураган кемчиликтерин байкаганым жок. Бул жагынан профессионал скульпторлор айтышса, ошолор ой-пикир бөлүшсө жарашат. Ал эми эч нерсени түшүнбөгөн көпчүлүк ооздорун чойгондон эмне пайда табабыз? Негизи Тамила Маматова таланттуу, чыгармачылыгы жогорку деңгээлде өнүккөн скульптор экени талашсыз. Анын башка эмгектерин көрүп жүрөбүз. Суктандырат. Өнөрү өркүндөй берсин! Мындай инсанды колдоп, жөлөк-таяк гана болушубуз керек. Кыскасы, аянттагы Манастын айкели бийлигибизге жараша тургузулду. Төлгө сыңарындай... Ушул таризинде ой калчап көргүлөчү? Бул жөн сыр болбосо керек...


Эдил  

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер