“ИДП бир триллиондон ашты, бирок элдин реалдуу жашоосу таптакыр башка...”
-- Ички дүң продукция 1 триллиондон ашып атса, бажы, салыктардан киреше көбөйсө, бюджетибиз толуп калса, а эмнеге элибиздин тең жарымы жакыр жашайт?
Мавлян Аскарбеков, жарандык активист:
-- Акыркы эки жылдагы “биздин казына мынча миллиард сомго көбөйдү, консалидацияланган казынабыздын көрсөткүчү мынча эсе өстү, ИДП бир триллиондон ашты” деген көрсөткүчтөр жакшы. Бирок биздин реалдуу экономика жана жапырт элдин реалдуу жашоосу таптакыр башка болуп жатат. Бул жерде эл аралык уюмдардын көрсөткүчү бар. Анда жакырчылык акыркы эле 2-3 жыл аралыгында канча пайыз өсүп кеткени тууралуу так жазылган. Андан тышкары, кымбатчылык болуп, көптөгөн мигранттарыбыз Россиядан аргасыз кайтып келип, Кыргызстандан башка бизнес кыла албай же иш орундарын таппай кыйноого батышкандарын көрүп жатабыз. Негизи буга чейин дагы бир нече ирет айттым эле, дагы кайталай кетейин. Биз “казынанын көрсөткүчтөрү, экономикалык көрсөткүчтөр мынчалык көбөйдү” деп эмес, кыргыз элине, ишкерлерге, инвесторлорго ачык-айрым шарт түзүп берүү, элдин жашоосун жакшыртуунун аракетин көрүшүбүз керек. Мында ошондо гана эл тараптан нааразычылык болбойт.
Эльдар Абакиров, мурунку экономика министрнин орун басары:
-- ИДП бир триллиондон ашып жатса, ишканалар, продукциялар көбөйүп, элдин кирешеси өссө жакшы. А эгерде продукциянын баары кымбаттап, мурунку миң сом менен кирген дүкөнгө эки миң сом менен киргенге мажбур болуп жатса, бул жашоонун деңгээлине таасир этпейт. Инфляция гана болуп калат. Эмне себептер менен көбөйгөнүн так цифра, эсептер менен көрсөтүү зарыл.
Шумкарбек Адилбек уулу, инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин мурдагы директору:
-- ИДПнын өсүшү боюнча жакшы маалыматтар бар, бирок ошол эле учурда биздин элибиздин канча бир бөлүгү жакыр катмар болуп эсептелет. Алардын киреше булактары төмөн. Өлкөдө баалар өсүп жатат. Ал баага алар тапкан кирешеси жетпей, ошондуктан жакыр жашоого мажбур болушууда. Мунун себеби эң жөнөкөй: ИДПнын көлөмү көбөйгөнү менен өлкөдөгү ишканалар орточо айлыкты көбөйтүүгө шашылышкан жок. Мисалы, эки жыл мурун калың катмар эл кандай айлык алып жатса, дагы деле ошол айлыкты алып жатышат. Көптөгөн жумуш орундарын түзгөн компаниялар айлык акы көтөрбөй келет. Мамлекет айлык акы, социалдык төлөмдөрдү көбөйткөнү менен акыркы эки-үч жылда баалар эң биринчи керектүү азык-түлүктөргө абдан жогорку темп менен өсүп жатат. Ошондуктан кирешенин көбөйгөнү баалардын артынан жетишпей калууда. Ал жакта айлык акылардын көлөмү дагы тилекке каршы орточо ортодон ылдыйраак.
Өлкөнүн экономикасынын структурасын өзгөртүү зарыл. Өлкөдөгү жакырлыктын саны азая турган болсо, маяналар көбөйүшү шарт. Ошондо эл реалдуу өзгөрүүнү сезет. Экинчиден, өлкөдө социалдык камсыздоо боюнча иштерди өзгөртүү зарыл. Социалдык жөлөк пул, пенсия көлөмү кескин өзгөрсө, эл жакырчылыктан чыгышы мүмкүн.
"Азия Ньюс" гезити