“Үйдө баатыр, жоодо жок” Марат Иманкулов кызматтан айдалганы калдыбы?
Аз күн мурун тажиктер ок чыгарып, Баткенде атышуу башталганда коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов Конституцияда көрсөтүлгөн милдетин так аткарбай, эмне эшек такалап отурдубу? Кеңешме өткөрбөйбү? Баткенге эмнеге барбайт? Жок дегенде ой-пикирин, позициясын билдирбейби? Акыл-эстүү коомчулук таңгалууда. Атургай Акүй-Көкүйдөгү үлкөндөр деле бул “баатырды” билип калышыптыр. Иштей албайт, чечкинсиз, бийликти артка тартып атканын... “Үйдө баатыр, жоодо жок” деген лакапка жандүйнөсү бап келишип. Сыягы, көпкө узабай калды окшойт. Президент Садыр Жапаров Кытайдагы кышкы олимпиада оюндарынан келгенден кийин бир топ жетекчилерди кызматтан аларын угуп атабыз. Тизме башына Марат Иманкулов жазылып, айдалып кеткени калды көрүнөт. Иштебесе эмне, коопсуздук кеңешинин катчылыгы курсак тойгузуп отурчу жайбы? Эрксизден баш чайкайсың да-а...
"Азия Ньюс" гезити