Акыркы кабарлар
» Коом » Үлгүлүү мектеп директорлорун кызматтан алууга шашылбай, этият мамиле жасайлы
Үлгүлүү мектеп директорлорун кызматтан алууга шашылбай, этият мамиле жасайлы
09-июль, 09:18


Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү системасындагы реформаларды демилгелейт. Алардын арасында президент жарлыкка кол койгондон кийин бошой турган мектеп директорлорунун кызмат орундарына дайындоо боюнча сынак талаштуу маселе болуп саналат. Статистикалык маалыматтарга ылайык, 1200дөн ашык мектеп директорлору акыркы беш жылда дайындалган, өз кезегинде 900 директор жобо боюнча кайра дайындалышы үчүн кызматтан алынышы керек. Ал жобо КР ченемдик-укуктук актыларында жөнгө салынган норма боюнча толук иштелип, кабыл алынган эмес.
Эгер бул жобонун долбоору жана президенттин жарлыгы кабыл алынса, мектепти пландуу өнүктүрүүнү ишке ашырган, алгылыктуу реформаларды жүргүзүп жаткан, баардык көйгөйлөрүн жана кемчиликтерин жакшы билген тажрыйбалуу педагогдорду, мектеп жетекчилерин кызматтан бошотуу башталарына көзүбүз жетип турат. Ар бир ташы өйдө кулаган, үлгүлүү директордун артында балдары аркылуу күн сайын мектептин ишмердүүлүгү менен байланышкан миңдеген ата-энелер турат. Негизги маселе – жетекчилик кызматка мектеп менеджменти жөнүндө түшүнүгү жок кадрлар келишүүдө.
Директорлорду кызматтан алуу боюнча мыйзамдык актылардын долбоорун демилгелөөдө аргументтердин бири болуп директорлордун жаш курагы боюнча маселе саналат. Белгилей кетсек, КР Конституциясынын 1-беренесине ылайык, эч ким жаш курагы боюнча басмырланбоого тийиш.
“Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө” КР мыйзамына ылайык, ченемдик-укуктук актылардын иерархиясы боюнча Эмгек кодекси юридикалык күчүнүн даражасы жагынан президенттин жарлыгынан жана өкмөттүн токтомдорунан жогору турат.
Бир катар директорлор кызматтан алынган учурда сотторду карай доолордун толкуну каптаары бышык. Анткени, эмгек мыйзамдарынын нормалары бузулат. Кызматтан алынган директорлордун пайдасына төлөнүп берилген миллиондогон айып пулдар да мамлекеттик бюджетке кошумча жүк болуп артылат.
Эмгек кодексинде “эмгек мамилелери жаатында дискриминацияга тыюу салынат” деп жазылган. Эмгек мамилелерин укуктук жөнгө салуунун негизги принциби – жумуштан негизсиз бошотуудан коргоо болуп саналат.
Эмгек кодексинин 3-беренесинде Эмгек кодекси менен кызматкерлердин абалын начарлатуучу ченемдерди камтыган башка мыйзамдардын ортосунда карама-каршылык келип чыккан учурда Эмгек кодексинин ченемдери колдонулат (!) деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле педагогикалык кызматкер менен эмгек келишимин бузуунун негиздери Эмгек кодексинде түздөн-түз каралганын да белгилей кетүүбүз керек.
"Азия Ньюс" гезити