Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Анара Султангазиева: “Абанын булганышы боюнча үчүнчү ирет алдыңкы сапка чыктык, качан козголушат?”

Анара Султангазиева: “Абанын булганышы боюнча үчүнчү ирет алдыңкы сапка чыктык, качан козголушат?”

12-ноябрь, 10:34
1 306 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

World Air Quality уюмунун иликтөөсүндө Бишкек абанын булганышы боюнча 7-ноябрда биринчи орунга чыкты. Уюмдун абанын сапаты тууралуу индексинде Бишкектеги көрсөткүч (AQI) 269ду көрсөттү. Кыргызстандын борбору муну менен Индиянын Дели, Пакистандын Карачи, Лахор, Израилдин Тель-Авив шаарларын артта калтырды. 8-ноябрда башкалаа аба өтө булганган шаарлардын ичинен үчүнчү орунду ээледи. Индекс (AQI) азыр 261 деп турат. Негизи, көрсөткүч 50дөн ылдый болгондо гана аба таза дегенди түшүндүрөт.

Бишкекте акыркы жылдарда абанын булганышы башкы экологиялык маселеге айланды. Биз бул маселе боюнча көйгөйдү көтөрүп жүргөн эколог Анара Султангазиевага кайрылдык. 

-- Кайрадан эле абанын булганышы боюнча алдыңкы сапка чыктык. Былтыркы иштериңиздерден жыйынтыктар жаралдыбы? 

-- Бул жылы үчүнчү ирет алдыга чыктык. Эми качан козголушат билбейм. Биз өткөн жылы экинчи жолу дүйнө жүзү боюнча абанын булганышы боюнча алдыга чыкканда өкмөт башчысы жана мэриянын жетекчилиги менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Ошондо өкмөт кырк саптан турган бир чоң иш-чара планын кабыл алышкан. Ошол кезде өкмөт башында Артем Новиков болчу. Андан бери өкмөт эки жолу алмашты. Азыр план кайсы баскычта турганын, канча пайызы ишке ашканын кайра эле булганыч аба боюнча алдыңкы сапка чыкканбыздан билсек болот. Эң башкы күнөөкөрү катары ТЭЦти белгилеп келебиз. Шаар боюнча жылына беш айдын ичинде 2 жарым млн. тонна көмүр колдонулат. Ошонун  жарымын ТЭЦ Бишкек жагат. Жакканда да категориясы Б3 деген Кара-Кеченин күрөң, ыштуулугу жогору, нымдуулугу өйдө, калориясы аз, табы начар, күлү көп көмүрүн колдонушат. Расмий маалыматтарга таянсак, 1 млн. 200 тоннанын ичинен жарымынан көбүн тендер менен алышат. Ыштын негизги бөлүгү ошондон пайда болот. Андан соң биздин жаңы конуштар, орто жана майда өндүрүштөр, чүпүрөк-сапырак жаккан жеке мончо, сауналар, анан өтө сапаты начар күйүүчү майларын пайдаланган автоунаалар – баары биригип келишип ышты пайда кылышат. 

-- Эми кандай аракеттерди көрсөк болот?

-- Экинчи ирет биринчи сапка чыкканда мэрия экологиялык кеңешти түзгөн. Бул кеңешке экологдор жана шаар активисттери киришкен. Быйыл экокеңештин тармагында абанын булганышы боюнча комитет түзүлдү. Мен дагы ошол экокеңештин түзүмүнө кирдим. Эмки жумада шаар жетекчилиги менен ошол экокеңеш жолугуп, ийри отуруп, түз сүйлөшүп, маселени кандай чечүүнү талкуулайбыз. Шаардык муниципалитет эмне иштерди жүзөгө ашырып жатышкандарын угуп, андан аркы аракеттерибизди улантабыз. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер