Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Медетов: “Тажиктерге Бишкектен так маалымат берилип, сырыбызды сатып турушкан”

Аскар Медетов: “Тажиктерге Бишкектен так маалымат берилип, сырыбызды сатып турушкан”

07-май, 13:22
1 307 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жусуп Баласагын атындагы КУУнун доценти менен маек.

-- Аске, “чек ара көйгөйүн дипломатиялык сүйлөшүү жолу менен чечүү керек” деп жаздың эле, ал ишке ашпай калды окшойт...

-- Элибизде айтат эмеспи, “түбөлүгүн түз кылсын” деп, анын сыңарындай, мындан аркысы жакшы жолго багыт алсын, ниет кылып туралы. Чек арада чыккан конфликт буга чейинки сүйлөшүүлөрдү, сунуштарды жокко чыгарып салды десек болот. Эми, албетте, комиссиялар өз ишин кайра баштайт. Бирок, жаңы шарттар, жаңы талаптар коюлушу мүмкүн. Бул эми оор, татаал маселе. Жаңы бийликтин көп жылдан бери чечилбей, “сүрсүп” кеткен бул көйгөйдү тез арада чечип салуу аракети тажик тараптын каршылыгына дуушар болду.

Чек ара жаңжалына тажиктер күн мурунтан камданышып, жарандарга курал таратылып, кыргыз жерин басып алууга катуу даярдык көрүшкөн.

-- Бизде деле УКМК бар, аларда бул тууралуу маалымат болгон эмеспи?

-- Эгер болсо, элибиз мындай кыйын абалда калбайт эле да.

-- Камчыбек Ташиев “маалыматыбыз бар болчу” деп атпайбы?

-- Кол салуу жөнүндө так маалыматы болсо, чет өлкөгө учуп кетпейт эле. Менимче, так маалымат жок болгон. “Кыргыз бийлигинде тажик тараптын тыңчылары бар” деп силердин гезит мурда эле жазгансыңар. Сооронбай Жээнбеков башында турган шалтурук бийлик ага көңүл бөлбөй, сатылма соттор силердин гезитке айып салбадыбы! Болбосо, Ташиев Германияда, Марипов Казанда жүргөндө эмнеге жаңжал чыгат? Демек, тажиктерге Бишкектен так маалыматтар берилип, сырыбызды сатып турушкан...

-- 29-30-апрель, 1-май Кыргызстан үчүн оор күндөр болду. Эл бийликке нааразы болгонго чейин барды. Элге курал таратылса кандай болот эле?

-- Кыргызстан чатак башталгандан тартып, тынчтык жолу менен конфликтти чечүү, стабилдүүлүктү сактоо аракеттерин кылды, бул президенттин кайрылууларынын негизги мазмунун түздү. Бирок, тажик тараптан аскердик, куралдуу агрессия болду да, аймагыбызды бузуп кирди, айылдарыбызды басып алды, чек ара тосоттору, үйлөр, мектептер, ФАП, соода түйүндөрү өрттөндү, тынч жаткан жарандарыбызды минамет, пулемет, алтургай тик учактан ракета менен аткылашты. Көптөгөн жарандарыбыз, жоокерлерибиз набыт болду, жаракат алгандар да көп экен. 

Биздин жоокерлердин эрдигине баа бердим, саны жагынан аз болгонуна карабай “Головной” суу бөлүштүргүчүн төрт саат бою кошумча күчтөр келгенче тажиктердин чабуулунун мизин майтарып, кармап турушуптур. Бирок, армиябыз сырттан душман басып киргенде ага туруштук берип, токтотуп, мизин майтарганга, чек араны коргогонго, элди коргоп калганга жараган жок. Себеби, армия саны жагынан аз жана заманбап курал-жарак менен жабдылган эмес. Бул, албетте, азыркы бийликтин күнөөсү эмес. Акаев, Бакиев, Атамбаев, Жээнбеков сыяктуу мамлекетти, элди ойлобогон, өздөрүнүн кара курсагын гана тойгузган жетесиз президенттердин күнөөсү. Системалуу жүргүзүлгөн коррупциянын айынан 30 жылдын ичинде өлкөбүз итке минди, армия заманбап курал-жарак менен камсыз болгон жок. Алар өз жандарынын тынчын көздөшүп, чек ара көйгөйүн чечпей, улам кийинкилерге калтырып келишкен, чек араны бекемдешкен эмес. Жыйынтыгында ушундай кейиштүү абалга туш болдук. 

Элге курал таратылбаганы туура болду. Чек ара жаңжалы ырбап кетсе, токтотуу өтө кыйын болмок. Курмандыктар эки тараптан тең өтө көп болмок. Эл, өзгөчө жаштар кызуу кандуулукка алдырышып, ызы-чуу кылышты. Ушул жолу бийлик туура иш кылды. Тынч жаткан эл эвакуацияланды, элди кагылышуулардан сактады. Агрессия деген агрессия да, куралдуу чабуулдардын айынан бейкүнөө адамдар көз жумду, жарадар болгондор көп. Өрттөлгөн үйлөр, мектептер кайра калыбына келтирилиши керек. 

Дагы чатак күчөбөй, дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу токтоду. Мында тышкы иштер министри Руслан Казакбаев башында турган дипломатиялык корпус чек ара жаңжалынын тынчтык, сүйлөшүүлөр жолу менен чечилишине чоң иш жасады десек болот. Эгер кагылышуулар улана берсе, согуш күчөсө, элибиз үчүн чоң апаатка айланмак. Эми өлкө башчы Садыр Жапаровдун Дүйшөмбүгө боло турган расмий иш сапарында чек арага байланыштуу көп маанилүү маселелер чечилет го деп ойлойм. 

Ошондой эле элибизге ушундай кыйын учурда моралдык колдоо көрсөткөн казак, өзбек, түрк туугандарга, жаңжалдын токтошуна салымын кошкон Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге өзгөчө терең ыраазычылык билдиребиз.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер