Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Осмон Тогузаков: «Эл жаңы бийликтин саясатын колдоп, эртеңки жашоосуна ишеним пайда болду”

Осмон Тогузаков: «Эл жаңы бийликтин саясатын колдоп, эртеңки жашоосуна ишеним пайда болду”

06-май, 19:40
689 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

КР УИАнын академиги, философия илиминин доктору, профессор менен маек.

-- Осмон ага, Садыр Жапаровдун демилгеси менен өлкөбүздө көп өзгөрүүлөр болуп жатат. Социалдык-экономикалык абал жакшырып бараткандай. Сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Сиз туура белгиледиңиз. Биринчиден, президентибиз Садыр Жапаров эң алгач саясый системаны өзгөрттү. Ал үчүн жаңы Конституцияны референдум аркылуу кабыл алдык. Белгилүү болгондой, пропорционалдык система, б.а. партиялык башкаруу (парламенттик) өзүн көрсөтө албаган соң, мажоритардык (жеке мандаттык) системага өткөрдү. Экинчиден, президенттик администрация менен аткаруу бийлигининин аппаратын бириктирип, министрлер кабинетин (өкмөттүн ордуна) түзүп, аткаруу бийлигинин башында болуп, толугу менен жоопкерчиликти өз мойнуна алды. Антпесе партиялык башкаруу бизнеске айланып кеткенине күбө болдук. Ошондуктан Жогорку Кеңештин VII чакырылышы кош система аркылуу өттү.

Баса белгилей турган нерсе, 30 жылдан бери чечилбей келген Кумтөр маселеси чечилди. Бул дагы С.Жапаровдун депутат кезинен берки көп жылдык күрөшүнүн жыйынтыгы десем жаңылышпайм. Дагы бир жагдай, эгемендик алгандан бери экономика деп отуруп адамдардын руханий өнүгүүсү көз жаздымда калып, адеп-ахлактык жакырчылыкка кептелип, кылымдарды карыткан улуттук баалуулуктарыбыз унутула баштаган эле. Ушул таризде биздин байлык, коомдук капитал – жарандар экенин эске алып, ааламдашуу шартында адекваттуу, креативдүү ой жүгүрткөн, жаңы форматтагы инсанды тарбиялоо үчүн эң алгачкы «Руханий адеп-ахлакты өнүктүрүү жана дене тарбиясы» жарлыгына кол коюлуп, атайын түзүлгөн жумушчу топ анын концепциясын иштеп чыгып, жүзөгө ашыруу планы бекитилип, мамлекеттик органдар тарабынан ишке аша баштады.

Андан тышкары, коррупцияга каршы экономикалык амнистия жарыяланды, жаңы конуштардагы жерлер трансформацияланды, бюджеттик мекемелерге айлык көтөрүлүүдө, даректүү социалдык жардамдар менен пенсиялар жогорулады, саясый абалга ылайык аскерлердин жашоо шарты оңолуп жатат ж.б. бир топ алгылыктуу өзгөрүүлөр болду. Эң негизгиси, адамдардын бийликке болгон ишеними пайда болду. Антпесе коом бийликке ишенбей калган эле. Ал эми бийликтин негизи эл, коом эмеспи. Бийликтин биринчи аракети – элдин, жарандардын турмуш шартын оңдоп, көтөрүү.

-- Тарыхты карасак, кризиске кептелген өлкөлөрдүн эсебинен башка өлкөлөр ирденип, бутуна туруп кетиши мүмкүн. Россия-Украина операцияларынан улам, Орто Азия өлкөлөрү экономикалык жактан баш көтөрчүдөй. Америка, Европа мамлекеттеринин дүйнөлүк бренддеги бизнес долбоорлору биздин жерди иликтей башташты. Буга кандай карашыбыз керек?

-- Ошол эле Россия менен Украина конфликттин алалы. Россиянын Украинага каршы “атайын операциясы” башталгандан тартып Америка башында турган Европалык биримдикке (ЕБ) кирген өлкөлөрдүн практикалык түрдө бардыгы Россияга үстү-үстүнө санкция жарыялашы анын экономикасынын төмөндөшүнө чоң деле таасир бере алган жок. Тескерисинче, биргелешип чыгарган продукцияларын, алардан алган даяр товарларын, технологиянын түрлөрүн Россия өзү импортту алмаштыруу жолу менен чыгара баштаган. Кээ бир экономикалык өнөктөштөрү Азия, Африка, Түштүк Америка мамлекеттери менен келишим түзүп жатышат. Мунун баары алардын экономикасынын тез арада өнүгүшүнө түрткү болууда. Керек болсо газ, нефть, көмүр сыяктуу энергиянын булагы болгон жаратылыш ресурстарын өздөрүнүн рублине сатканы жатат. Демек, санкциянын дагы эки тарабы бар, алар өздөрү кыйналууда. 

Ал эми бүгүнкү геосаясый, экономикалык кырдаалда АКШ менен ЕБ өлкөлөрү Россиянын рыногунан чыгып кеткен соң, өздөрүнүн бизнес долбоорлорун стабилдүү өнүгүп жаткан Борбор Азия өлкөлөрү аркылуу улантышы керек. Анүстүнө биздин регион менен кызматташтыкка өтүшсө, АКШ жана НАТО блогу үчүн стратегиялык мааниси зор. Андыктан, биз өзүбүздүн стратегиялык өнөктөштөрүбүз Россия менен Кытайдын кызыкчылыктарына каршы келбегендей саясат жүргүзүшүбүз абзел. Жеке менин оюмда, андай инвестициялар сунушталса, каршы болбошубуз керек. Биз Россия же Кытай эмеспиз, биздин абал менен аларды салыштырууга болбойт. Бирок, сырттан келген бизнес доолборлор биздин технологиялык мүмкүнчүлүктөрүбүздү өнүктүрүп, жалпы экономикабыздын өсүшүнө түрткү болору бышык. Тек гана, жогоруда белгилегендей, өзүбүздүн стратегиялык коңшу өлкөлөрдүн, анын ичинде биргелишкен уюмдардын кызыкчылыктарына каршы болбосо болду.   

-- Кооз жана тынч, иштөөгө мүмкүнчүлүгү кенен жер чет өлкөлүктөрдү өзгөчө кызыктырат эмеспи. Акыркы күндөрү Россиядан, Прибалтикадан биздин өлкөгө келгендердин саны көбөйүп барат. Алар турист жана акыркы технологиялардын адиси катары да көп пайда бериши мүмкүн. Анан алардын саны өтө көбөйүп кетсе, маселе жаратпайбы?

-- Кайсы эле инвестор болбосун, бизнес долбоорун ишке ашырууда саясый жактан туруктуу, демократиялык принциптерди колдогон, укук иштеген, коомдук абал тынч жагдай издейт. Биздин өлкө бүгүн жогорудагы критерийлерге жооп берет. Муну жаңы бийликтин жүргүзгөн саясый аракети айгинелеп турат. Бүгүнкү күндө президенттин саясый курсун эл колдоп турат. Анүстүнө жаратылыш байлыктары көп, кооз, потенциалдык мүмкүнчүлүктөрү толук ачылбаган өлкөбүз. Эгерде анча өнүгө элек жаңы технологиялар багытындагы долбоорлорго инвестициялар тартылса, өнөр жайдын көмүскөдө калган багыттары жанданса, завод-фабрикалар ишке кирсе, ички дүң продукциябыз көбөйсө ж.б.у.с., анда сөзсүз экономика көтөрүлөт. Гидроэлектростанциялар боюнча мүмкүнчүлүгүбүз зор болгону менен каражат жоктугунан бул багыттагы иштер аксап турат. Андыктан атомдук электростанция куруу жакынкы келечекте турмушка ашаар. Анда энергияны көп талап кылган багыттагы өнөр жай өнүгүп (металлургия, машина куруу, баалуу металлдарды өздөштүрүү ж.б.), четте аргасыздан жүргөн мигранттарыбызга жумуш орундары пайда болот. Ошондо заманга ылайык ички инфракструктура өзгөрөт. Дегеле ааламдашуу шартында мындан чочулабаш керек. 

-- Өлкөбүздүн бүгүнкү жалпы саясый абалы кандай? 

-- Кыргызстанда жалпысынан саясый абал туруктуу дегенге себеп бар. Анткени, коомду тынчсыздандырган маселелер жаңы бийликтин аракети менен акырындап чечиле баштады. Эл жаңы бийликтин саясатын колдоп, эртеңки жашоосуна ишеним пайда болду. Андыктан, бүгүнкү бийликтин парзы – эл ишенимин актоо. Ал эми коомчулуктун милдети – пайда боло калган деструктивдүү элементтерге туура, адилет баа берип, мамлекеттин туруктуулугун сактап калуу.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер