Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Каныбек Осмоналиев: “Улуттук идеология болбосо, чытырман токойдо көрүнгөн даракты сүзгүлөй беребиз”

Каныбек Осмоналиев: “Улуттук идеология болбосо, чытырман токойдо көрүнгөн даракты сүзгүлөй беребиз”

04-апрель, 22:44
702 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Акыркы убактарда унутта калып бара жаткан улуттук идеология  боюнча кеп сала баштадыңыздар. “Мечиттерибизди арабдар салып берип, балдарыбызды түрктөр окутуп, укугубузду америкалыктар коргоп берип жаткан убакта кайдагы идеология?” дегендер да чыгууда. Бүгүнкү күндө улуттук идеологияны кантип жандандырып, кандай иштерди аткарса болот?

-- “Улуттук идеология” десе эле кандайдыр бир универсалдуу, жашоонун баардык аспекттерин өзүнө камтыган супердокументтти эңсеп келдик. Ар кандай моделдерди сунуштадык. Бирок, бири дагы калың элге жуккан жок. Эмне үчүн? Тарыхка кайрылсак, ар бир коомдук-экономикалык формацияда өзүнүн идеологиясы болгон. Мындай аракет кул ээлөөчүлүк доордон гипотетикалык” коммунисттик түзүлүшкө чейин орун алып келди.

Идеология деген – бул грек сөзүнөн алынганын эстесек, “идея” – ой-пикир, “логос” – окуу, билим жана илим. Болгону ушул. Тилекке каршы, коммунисттик идеологияга 70 жылдан ашуун сугарылып келгенибиз менен ал биринчи эле тарыхый олку-солкуда кыйрап жатып калды. Демек, улуттук идеологияны эл өзү жактырып, жүрөгү менен кабыл алуусу керек экен да? Биз азыр ошол магиялык сөздү, идеяны, ж.б. таасирдүү түшүнүктөрдү издеп жатабыз. Менин оюмча, улуттук идеологиябыздын фундаменти эчак эле даяр болгон. Ал – кылымдарды карытып келген кыргызыбыздын каада-салты, үрп-адаты, жашоо образы, патриоттук жана пассионардык касиеттери. “Манастан” келип чыккан осуяттар. Ошол баалуулуктарды заманбап форматта синтездей алабызбы? Кеп ушунда. Анан биргелешкен пикирге келип, жапатырмак колдоп кетебизби? Же “меники гана туура” деп кежирлик кылып, топ бузууга өтөбүзбү? Иши кылса, алдыбызда өтө кыйынчылыктуу, жоопкерчиликтүү вазийпа турат! Бирок, бирдиктүү идеологияны түзүп алып, анын изи менен кетпесек, караңгы жана чытырман токойдо көрүнгөн даракты сүзгүлөп, карайлап жүрө беребиз...


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер