Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Аскар Сыдыков: “Экономикада кризис, инвестициялык климат татаал бойдон калууда”

Аскар Сыдыков: “Экономикада кризис, инвестициялык климат татаал бойдон калууда”

14-май, 02:51
876 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Ишкерлердин эл аралык кеңешинин аткаруучу директору менен маек.

-- Учурда инвестициялык климатта жылыштар байкалып жатабы? Экономикалык жаңы өзгөрүүлөр барбы?

-- Инвестициялык климат тууралуу айта турган болсок, дагы деле жакшы эмес. Татаал бойдон калууда. Экономикалык кризис дагы деле уланып жатат. Ушул жылдын биринчи үч айлыгынын жыйынтыгында экономикабыз 9,6%га төмөндөдү. Канчалаган инвестор ишкерлерибиз ишканаларды токтотуп же кыскартып, капиталдарын башка өлкөлөргө чыгарып турушат. Жумуш орундарынын саны дагы деле көбөйбөй жатат. Инвестициялык абал кандай экенин ошол көрсөткүчтөрдүн баары ашкерелейт эмеспи. 

Мамлекет жактан, өлкө жетекчилиги тарабынан айтылган ураандар, сөздөр көп. “Инвестициялык абалды жакшырталы, аларды күтөбүз, шарттарды түзөбүз” дегендей пикирлер көбүнчө кагаз түрүндө калууда. Иш жүзүндөгү өзгөрүүлөрдү анчалык көрө албай турабыз. Чындап эле инвестордун ишеними арта турган, ишкерлердин корголушун азыркы учурда тийиштүү деңгээлде көрө албай жатабыз. Биз жаңы өкмөткө, жаңы министрлер кабинетине кандай болсо да  жардам көрсөтүүгө кызыкдарбыз. Себеби, өлкөнүн абалы кыйын. 

Пандемия дагы деле бүтө элек. Уланып жатат. Дагы үчүнчү толкун болорун эскертишүүдө. Ошондуктан биз дагы бизнес коомчулук катары жардамыбызды беребиз. Экономикалык реформалар жагынан, деги эле колкабыш кылуудан жардамыбызды аябайбыз. Мамлекет, жаңы өлкө жетекчилиги көптөн бери айтылган сөздөрүн ишке ашырышы керек. Жалпы мүдөөнү ишке ашырып, эл көптөн бери күткөн нерселерди жасоо шарт. Экономика жаатында жыйынтык, майнап көрүш үчүн эң биринчиден саясый эрк керек. Тийиштүү команда, тажрыйбалуу кадрлар менен демилгелерди ишке ашыруу керек. 

Азыркы учурда анчалык прогрессивдүү, профессионалдуу, экономиканы түшүнгөн, практика жүзүндө иштеген кадрларды жаңы өкмөттүн курамында көп деле көрө алган жокпуз. Алар саналуу гана. Ушундай таза, кесипкөй адистер жогорку, орто кызматтарда дагы болушу керек. Тилекке каршы, акыркы жылдары мамлекеттик кызматтардын деңгээли дагы басаңдап кетти. Көптөгөн акылдуу, иштин көзүн билген кадрлар мамлекеттик кызматтардан кетип калышты. Алар азыр жеке сектордо, эл аралык уюмдарда же сыртта иштеп жүрүшөт. Азыр ыкчам түрдө чечкиндүү чараларга барбасак, кырдаал курч. Саясый-экономикалык абал тез арадагы чараларды талап кылат. 


Жамиля Нурманбетова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер