Максим Бакиевдин көздөгөнү эмне?

Буга чейин Максим Бакиевдин Бишкекке келгени боюнча ар кыл кептер айтылып, коомчулук дуулдап, акырында УКМК жооп берип, анын келбегенин билдирген. Кандай болгон күндө да, соңку убактарда Курманбек Бакиев жана үй-бүлөсү, Жаныш, Максим болушуп, Кыргызстанга кайтып келишери улам маалымдалып, козуй башташты го? Буга бийликтеги айрым күчтөр да кызыкдарбы, айтор, Жалал-Абадда Курманбек Бакиевдин атынан ооз ачар өткөрүлүп, ээн-эркин иш-чаралар уюштурула баштаганын кантебиз? Көпчүлүк кыжырданып, таңгалууда. Кептин баары Максим Бакиевде жатканы, ал ири олигархтар менен байланышы бар экени, Лондондо таасир жаратып, керек болсо айрым чиновниктерди чакыртып алып, бизнес долбоорлорун ишке ашыруу боюнча тапшырмаларды береби? Эл аралык деңгээлге чыгып алган соң, калчай берет экен да! Ток этерине келсек, карапайым калың калкыбыз баарын көрүп турат. Негизи Бакиевдерден акыл-эстүү адамдар алыс болушу керек. Коомчулукка тирукмуш имиштер тарап атканы кызык. Бул жагын таразалап, элдин маанайына жараша саясат жүргүзүшпөсө, абал оорлошуп кетпейби? Же Максим Бакиевдин үстөмдүгүнөн арылуу кыйынбы? Анын көздөгөнү эмне? Кыскасы, суроолор көп. Кечээ эле мамлекеттик деңгээлдеги талап-тоноо, буюртма өлтүрүүлөр, үй-бүлөлүк коррупциялашкан бийликтин арааны ачылганы, аягы элдик толкундоолорго жеткизип, кан төгүүлөр менен коштолгону кантип унутулат?..
"Азия Ньюс" гезити